Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 2-апрели № 114
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасында минималдык эмгек
акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасында минималдык эмгек акы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри
аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасында минималдык эмгек акы жөнүндө
1-статья.
Минималдык эмгек акы (эмгек акынын минималдык өлчөмү) - нормалдуу
эмгек шартында жөнөкөй ишти аткарууда жумуш убактысынын нормасын толук
иштеп бүткөн квалификациясы жок кызматкерлердин эмгеги үчүн бир айлык
эмгек акынын гарантиялык өлчөмү.
2-статья.
Эмгек акынын кийинки жыл үчүн минималдык өлчөмү учурдагы жылдын
1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү келерки жыл үчүн эмгек акынын мини-
малдык өлчөмүн учурдагы жыл үчүн эмгекке жарамдуу адамдын жашоо миниму-
мунун өлчөмүнө карата эсептейт.
3-статья.
Эмгек акынын минималдык өлчөмү эмгек акынын төмөнкү чеги болуп
эсептелет. Эмгек акынын минималдык өлчөмүнө үстөктөр, кошумча төлөмдөр,
сыйлыктар жана башка көтөрмөлөөчү төлөмдөр кошулбайт.
4-статья.
Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-
тирсин;
- төрт айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында жашоо минимумун
эсептөөнү аныктоонун тартибин жана өлчөмүн белгилөөчү мыйзам долбоорун
иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине белгиленген
тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 457-IV ""Кыргыз Республикасындагы эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл…Постановление · 05.06.2008 · № 457-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 593-IV "Кыргыз Республикасындагы эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 04.09.2008 · № 593-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасында эн төмөнкү эмгек акы жөнүндөЗакон · 13.10.2008 · № 210 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон