# 2008 жылдын 28 январындагы №109 Кыргыз республикасынын Окмотунун токтому

- Толук аталышы: 2008 жылдын 28 январындагы №109 Кыргыз республикасынын Окмотунун токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58948>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/58948/edition/328119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58948.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2008 жылдын 28 январындагы №109 Кыргыз республикасынын Окмотунун токтому (11.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58948

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 28-марты № 109

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик

коомунун уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө

"Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коомунун (мындан

ары - "ЭСК" ААКы) акцияларынын мамлекеттик пакетин натыйжалуу башкаруу

максатында, универсалдуу коммерциялык банк катары "ЭСК" ААКыны андан

ары өнүктүрүү зарылдыгын жана "ЭСК" ААКынын жагымдуулугун жогорулатууну

эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "ЭСК" ААКынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн "Капиталдык са-

лымдар" статьясы боюнча "ЭСК" ААКынын алыш-бериш эсебине 200,0 млн. сом

которсун;

- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү кир-

гизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тар-

типте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган

учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине

дивиденддер катары "ЭСК" ААКынын пайдасынын 50 процентин жыл сайын ко-

торсун жана пайданын 50 процентин "ЭСК" ААКынын тескөөсүнө калтырсын.

3. "Эсептешүү-сактык компаниясы" ачык акционердик коомун андан ары

өнүктүрүүгө көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 27-ноябрындагы № 564 токтомунун колдонулушу 2007-жылдын

27-ноябрынан тартып жоюлсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер министр И.Чудинов
