# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №106 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №106 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58945>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12641/edition/328116/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №106 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому (28.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58945

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 28-марты № 106

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын

жана жарандыгы жок адамдардын ишкердик жүргүзүүсүн

жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым

чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок

адамдарга патенттерди жана эмгек ишмердигин жүргүзүүгө уруксат берүүнү

тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-

лат:

1. Күчүн жоготту деп табылсын.

- "Кыргыз Республикасында дүњ жана чекене соода жүргүзгөн чет өл-

көлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жол берилчү үлүшүн бел-

гилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-январын-

дагы № 10 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр-

дү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 ток-

томунун 88-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-июлундагы №

216-б буйругу.

2. Ушул токтом кабыл алынганга чейин жекече ишкердик жүргүзүүчү

жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого укугу жок чет өлкөлүк жа-

рандарга жана жарандыгы жок адамдарга патенттер Кыргыз Республикасынын

Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан

мурда берилген Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүргүзүүгө урук-

саты болгон учурда анын колдонулуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө берилери

белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча

мамлекеттик комитети ай сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши бе-

киткен квота боюнча Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүргүзүүгө

уруксат алган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын

тизмесин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз

Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине

отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен берип турсун.

4. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн 15 күн өткөндөн кийин

күчүнө кирет.

Премьер-министр И.Чудинов
