# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12634/edition/509959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" (25.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58932

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы N 803 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 20-марты № 95

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер

менен соода-экономикалык, илимий-техникалык

жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө

кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр

аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы N 661, 2009-жылдын 19-мартындагы N 184,2009-жылдын 19-сентябрындагы N 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөт- төр аралык комиссиялардын иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык,

илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык,

илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн тө- рагаларынын тизмеси.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-июнундагы № 247

"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча бир- гелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 378 токтомуна өз- гөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 378

"Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча бир- гелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-октябрындагы №

478 "Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы N 95 токтому менен бекитилген

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК) кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы N 661, 2009-жылдын 19-мартындагы N 184,2009-жылдын 19-сентябрындагы N 598 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

| ӨАКтын аталышы | ӨАКтын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы |
| --- | --- |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-украина биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри |
| Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
| Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер- министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер- министри |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Москва облусунун Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө 2004-жылдын 20-январында Москва шаарында кол коюлган Макулдашууну аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү тобу | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер- министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссия | - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-иран комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
| Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан-СУАР КЭР" координациялык тобу | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
| Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
| Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-польша биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри |
| Соода жана инвестициялар боюнча кыргыз-герман жумушчу тобу | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
| Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын финансы министри |
| Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы |
| Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташтык жана алмашуу боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-италия жумушчу тобу | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
| Экономикалык, өнөр жайлык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
| Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-корея комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри |
