# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12633/edition/328105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (19.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58931

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 19-марты N 94

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

8-октябрындагы N 454 "Кыргыз Республикасынын

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешин түзүү

жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы N 454

"Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешин түзүү жө-

нүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Төмөнкүдөй курамда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуз-

дугу боюнча кењеши түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кењештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кењештин тө-

рагасынын орун басары.

Кењештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-

лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри;

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин

төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы

(макулдашуу боюнча).";

- 2-пункттагы "экономика, соода, туризм жана ишкердик" деген сөз-

дөр "агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу" деген сөздөр

менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењеши жөнүндө жобонун 5.2-пунктундагы

"Кењештин төрагасынын орун басарлары - Кыргыз Республикасынын экономи-

калык өнүктүрүү жана соода министри, Кыргыз Республикасынын айыл, суу

чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри" деген сөздөр "Кењештин тө-

рагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-ми-

нистри" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
