Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 „Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-марты N 94
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын
8-октябрындагы N 454 "Кыргыз Республикасынын
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешин түзүү
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы N 454
"Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешин түзүү жө-
нүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Төмөнкүдөй курамда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуз-
дугу боюнча кењеши түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кењештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кењештин тө-
рагасынын орун басары.
Кењештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-
лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин
төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы
(макулдашуу боюнча).";
- 2-пункттагы "экономика, соода, туризм жана ишкердик" деген сөз-
дөр "агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењеши жөнүндө жобонун 5.2-пунктундагы
"Кењештин төрагасынын орун басарлары - Кыргыз Республикасынын экономи-
калык өнүктүрүү жана соода министри, Кыргыз Республикасынын айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри" деген сөздөр "Кењештин тө-
рагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-ми-
нистри" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы N 334 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 334
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы №454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.10.2007 · № 454 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы №454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.10.2007 · № 454 · Күчүн жоготкон