# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №92 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №92 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12632/edition/328104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №92 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (19.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58929

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 19-марты № 92

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда

заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө

чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө"

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматынын иштешине чыгым-

дарды аныктоонун бирдей тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423

"Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын

нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-

зилсин:

токтомдун аталышындагы "нормативдерин" деген сөз "нормативин" де-

ген сөзгө алмаштырылсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү

бюджеттердин каражаттарын пайдалануу менен курулушту ишке ашыруучу за-

казчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативи негизги капи-

талга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын жана негизги фонддорду

ремонттоого чыгымдардын көлөмүнүн 2,9 процентине чейинки өлчөмдө беки-

тилсин.

Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген шарттар

боюнча юридикалык жак түзүү менен функцияларын аткаруучу заказчы-куруу-

чунун кызматы үчүн колдонулат.";

- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы ми-

нистрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги"

деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун тиркемеси алып салынсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
