Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 „Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 19-марты № 92
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда
заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө
чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматынын иштешине чыгым-
дарды аныктоонун бирдей тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423
"Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын
нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
токтомдун аталышындагы "нормативдерин" деген сөз "нормативин" де-
ген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү
бюджеттердин каражаттарын пайдалануу менен курулушту ишке ашыруучу за-
казчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативи негизги капи-
талга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын жана негизги фонддорду
ремонттоого чыгымдардын көлөмүнүн 2,9 процентине чейинки өлчөмдө беки-
тилсин.
Чыгымдардын бул нормативи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген шарттар
боюнча юридикалык жак түзүү менен функцияларын аткаруучу заказчы-куруу-
чунун кызматы үчүн колдонулат.";
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы ми-
нистрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги"
деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтомдун тиркемеси алып салынсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2006 · № 423
- "Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулу (туруктуу техникалык көзөмөлдөө)" (1-Тиркеме 2017-жылдын 6-июлу № 226 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана…Порядок · 06.07.2017 · № 226
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 417 "Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык…Приказ · 28.12.2017 · № 417