# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №89 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №89 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58926>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12629/edition/638664/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58926.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №89 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (07.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58926

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7- апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 19-марты № 89 токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө" 2007-жылдын 6-де- кабрындагы № 539, "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" 2007-жылдын 6-декабрындагы № 540, "Саламаттыкты сактоо кызмат- керлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" 2007-жылдын 6-декабрындагы № 541, "Социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорула- туу жөнүндө" 2007-жылдын 6-декабрындагы № 542 жарлыктарына ылайык Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шартта-

ры жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Билим берүү мекемелеринин (педагогикалык кызматкерлерден тышка- ры), маданият, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо кызматкерлери үчүн 2008-жылдын 1-январынан тартып Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи разряды 690 сом өлчөмүндө белгиленсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-

рлиги ушул токтомдун жоболорун эске алуу менен бюджеттик уюмдардын кыз- маткерлеринин эмгек акысын өркүндөтүүнү кароочу чечим долбоорун эки ай- лык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
