# "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-мартындагы № 87 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-мартындагы № 87 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12627/edition/328098/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-мартындагы № 87 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтому (18.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58924

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 18-марты № 87

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык

кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы

(протоколдук формадагы кийими) жөнүндө

жобону бекитүү тууралу

"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери-

нин экипировкасы (протоколдук формадагы кийими) жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин протоколдук формадагы

кийим менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана чет

мамлекеттердеги мекемелеринин атайын каражаттарынын эсебинен камсыз кы-

луу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин бюджетинде Кыргыз Республи-

касынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин экипировкасы үчүн ке-

ректүү атайын каражаттарды караштырсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
