# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 14 -мартындагы"№83 Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 14 -мартындагы"№83 Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12623/edition/328094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 14 -мартындагы"№83 Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58920

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-марты № 83

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын стратегиялык

объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниси бар объекттердин

башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конс-

титуциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитетинин төрагасы көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын стратегиялык

объекттери жөнүндө

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-статьясына

ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук (коомдук) коопсуздугун камсыздоо

максатында стратегиялык объекттерди аныктоонун жана жөнгө салуунун

укуктук негиздерин белгилейт.

1-статья.

1. Стратегиялык объект аларга ээлик кылуу, (же) пайдалануу жана

(же) тескөө Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук абалына таасир

тийгизүүчү, коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн социалдык-экономикалык маани-

си бар мүлк болуп саналат.

2. Стратегиялык объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, менчик жана башка формала-

рында болушу мүмкүн.

2-статья.

1. Стратегиялык объектиге төмөнкүлөр кирет:

1) мүлк, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө

колдонулуучу аскердик техника жана жабдуулар;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары колдонуучу имарат-

тар жана жайлар;

3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык,

карантиндик кызматтар пайдалануучу мүлк;

4) магистралдык темир жол тармактары;

5) магистралдык газ түтүктөрү;

6) улуттук электр тармагы;

7) гидро- жана жылуулук электр станциялары;

8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары;

9) магистралдык байланыш линиялары;

10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы;

11) улуттук почта тармагы;

12) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой эле

аба кыймылын башкаруу системасынын аэронавигациялык түзүлүштөрү;

13) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору,

14) жер казнасы, токой фонду, токой чарбасынын объекттери, улуттук

статуска ээ болгон коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө

биосфералык аймактар;

15) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объекттери,

анын ичинде табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суу

сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу насос стан-

циялары;

16) Кыргыз Республикасынын улуттук статуска ээ болгон саламаттык

сактоо уюмдарынын объекттери.

2. Менчигинде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялык

объекттер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышуу

үлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого же

менчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алган

чечимдерге таасир тийгизүү мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактардын

акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стратегиялык объект-

терге кириши мүмкүн.

Стратегиялык объекттерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялык

мааниси бар ишканалар да кириши мүмкүн.

3. Стратегиялык объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Кооп-

суздук кењешинин рекомендациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан аныкталат.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улуттук коопсуздукту камсыздоого ба-

гытталган стратегиялык объекттердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине

атайын талаптарды белгилейт.

Өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш катаклизмдери болгон учурда Кыр-

гыз Республикасынын Президенти улуттук таламдарды коргоону камсыздоо

максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу менен

стратегиялык объекттерди коргоонун жана анын иш-аракетин камсыздоонун

өзгөчө режимин киргизүүгө укуктуу.

4-статья.

1. Стратегиялык объекттерди ажыратуу Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн макулдугу менен гана мүмкүн болот.

2. Менчик ээси менчиктин муниципалдык, менчик жана башка формала-

рында турган стратегиялык объектти сатууга ниеттенсе, Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү стратегиялык объектти рынок баасы боюнча сатып алуунун

артыкчылыктуу укугуна ээ.

3. Стратегиялык объектти ажыратууга макулдугун жана сатып алуунун

артыкчылыктуу укугун пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтү аныктайт.

4. Эгерде стратегиялык объектинин менчик ээси ушул статьянын 1 жа-

на 2-пункттарынын талаптарын бузса, мындай бүтүмдөр түзүлгөн учурдан

тартып жараксыз деп таанылат.

5-статья.

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндө күчү-

нө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ча-

раларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
