# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58917>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12620/edition/328091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58917.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (11.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58917

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-марты № 80

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет

өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Корея

Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө" 2008-жылдын 29-январындагы N

51, "Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигин уюшту-

руу жөнүндө" 2006-жылдын 13-сентябрындагы N 454 жана "Японияда Кыргыз

Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө" 2003-жылдын 15-августундагы

N 268 жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөр-

дөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы N 626 токтомуна төмөнкүдөй өзгөр-

түүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункттагы "178,5", "2884,7" жана "1-29" деген сандар тиешелүү

түрдө "190,5", "3057,6" жана "1-30" деген сандарга алмаштырылсын;

- N 27 тиркеме ушул токтомдун N 1 тиркемесине ылайык редакцияда

берилсин;

- N 29 тиркеме ушул токтомдун N 2 тиркемесине ылайык редакцияда

берилсин;

- ушул токтомдун N 3 тиркемесине ылайык редакцияда N 30 тиркеме

менен толукталсын.

2. "Корея Республикасынын Сеул шаарындагы Кыргыз Республикасынын

Консулдугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

16-февралындагы N 87 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте киргизилген толуктоолорго

ылайык 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчи-

лигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигин күтүүгө

чыгымдардын көлөмүн аныктасын жана зарыл бюджеттик каражаттарды кара-

сын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-мартындагы

N 80 токтомуна

N 1 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 15-ноябрындагы

N 626 токтомуна

N 27 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин

кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундарынын аталышы | Саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Элчи | 1 | 3000 |
| Кењешчи | 2 | 2685 |
| Биринчи секретарь | 1 | 2385 |
| Атташе | 1 | 2085 |
| Чарба башчысы - айдоочу | 1 | 1500 |
| Бардыгы | 6 |  |

".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-мартындагы

№ 80 токтомуна

№ 2 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 15-ноябрындагы

№ 626 токтомуна

№ 29 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы

Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундарынын аталышы | Саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Элчи | 1 | 3000 |
| Кењешчи | 1 | 2685 |
| Биринчи секретарь | 1 | 2385 |
| Атташе | 1 | 2085 |
| Бухгалтер - канцеляриянын | 1 | 2085 |
| башчысы |  |  |
| Чарба башчысы - айдоочу | 1 | 1500 |
| Бардыгы | 6 |  |

".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-мартындагы

№ 80 токтомуна

№ 3 тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1999-жылдын 15-ноябрындагы

№ 626 токтомуна

№ 30 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы

Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын

ӨЛЧӨМҮ

(айына АКШ доллары менен)

| Кызмат орундарынын аталышы | Саны | Кызматтык маяна |
| --- | --- | --- |
| Элчи | 1 | 2400 |
| Кењешчи | 1 | 2148 |
| Биринчи секретарь | 1 | 1908 |
| Атташе | 1 | 1548 |
| Бухгалтер - канцеляриянын | 1 | 1668 |
| башчысы |  |  |
| Чарба башчысы - айдоочу | 1 | 1200 |
| Бардыгы | 6 |  |

".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
