Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-марты № 80
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет
өлкөлөрдөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы № 626
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Корея
Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө" 2008-жылдын 29-январындагы N
51, "Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигин уюшту-
руу жөнүндө" 2006-жылдын 13-сентябрындагы N 454 жана "Японияда Кыргыз
Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө" 2003-жылдын 15-августундагы
N 268 жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөр-
дөгү мекемелерин өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-ноябрындагы N 626 токтомуна төмөнкүдөй өзгөр-
түүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттагы "178,5", "2884,7" жана "1-29" деген сандар тиешелүү
түрдө "190,5", "3057,6" жана "1-30" деген сандарга алмаштырылсын;
- N 27 тиркеме ушул токтомдун N 1 тиркемесине ылайык редакцияда
берилсин;
- N 29 тиркеме ушул токтомдун N 2 тиркемесине ылайык редакцияда
берилсин;
- ушул токтомдун N 3 тиркемесине ылайык редакцияда N 30 тиркеме
менен толукталсын.
2. "Корея Республикасынын Сеул шаарындагы Кыргыз Республикасынын
Консулдугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
16-февралындагы N 87 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте киргизилген толуктоолорго
ылайык 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчи-
лигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигин күтүүгө
чыгымдардын көлөмүн аныктасын жана зарыл бюджеттик каражаттарды кара-
сын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-мартындагы
N 80 токтомуна
N 1 тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 15-ноябрындагы
N 626 токтомуна
N 27 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин
кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ
(айына АКШ доллары менен)
| Кызмат орундарынын аталышы | Саны | Кызматтык маяна |
| Элчи | 1 | 3000 |
| Кењешчи | 2 | 2685 |
| Биринчи секретарь | 1 | 2385 |
| Атташе | 1 | 2085 |
| Чарба башчысы - айдоочу | 1 | 1500 |
| Бардыгы | 6 |
".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-мартындагы
№ 80 токтомуна
№ 2 тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 15-ноябрындагы
№ 626 токтомуна
№ 29 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы
Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ
(айына АКШ доллары менен)
| Кызмат орундарынын аталышы | Саны | Кызматтык маяна |
| Элчи | 1 | 3000 |
| Кењешчи | 1 | 2685 |
| Биринчи секретарь | 1 | 2385 |
| Атташе | 1 | 2085 |
| Бухгалтер - канцеляриянын | 1 | 2085 |
| башчысы | ||
| Чарба башчысы - айдоочу | 1 | 1500 |
| Бардыгы | 6 |
".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-мартындагы
№ 80 токтомуна
№ 3 тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 15-ноябрындагы
№ 626 токтомуна
№ 30 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы
Элчилигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын
ӨЛЧӨМҮ
(айына АКШ доллары менен)
| Кызмат орундарынын аталышы | Саны | Кызматтык маяна |
| Элчи | 1 | 2400 |
| Кењешчи | 1 | 2148 |
| Биринчи секретарь | 1 | 1908 |
| Атташе | 1 | 1548 |
| Бухгалтер - канцеляриянын | 1 | 1668 |
| башчысы | ||
| Чарба башчысы - айдоочу | 1 | 1200 |
| Бардыгы | 6 |
".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 15 ноября 1999 года N 626 "О реорганизации загранучреждений Министерства иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.1999 · № 626 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 16-февралынын № 87 " Корея Республикасынын Сеул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Консулдугу жонундо" ТоктомуПостановление · 16.02.2005 · № 87 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Указ Президента КР от 15 августа 2003 года УП N 268 "Об учреждении Посольства Кыргызской Республики в Японии"Указ · 15.08.2003 · № 268
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-сентябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королдугундагы Элчилигин уюштуруу жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.09.2006 · № 454
- КыргызРеспубликасынын 2008-жылдын 29-январындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.01.2008 · № 51
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 15 ноября 1999 года N 626 "О реорганизации загранучреждений Министерства иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.1999 · № 626 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 16-февралынын № 87 " Корея Республикасынын Сеул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Консулдугу жонундо" ТоктомуПостановление · 16.02.2005 · № 87 · Күчүн жоготкон