# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58909>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12613/edition/1165246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58909.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"токтому (31.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58909

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 5-марты № 72

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорт- тук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" № 464 Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле импорттук-экспорттук жол-жоболорду өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329

"Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органда- ры менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүн- дө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 5-пункттагы "Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий

өнүктүрүү" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү" де- ген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукциянын адамдын

ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемио- логиялык (гигиеналык) корутундусунун жыйынтыгын таануу тартибинин

2.4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиология- лык кызматынын аккредиттелген органдарына же мекемелерине берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине төмөндөгүлөр кирет:

- санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундунун жыйынтык-

тарын таанууга арыз;

- санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутунду же ал кору-

тундунун өзүн кармоочунун же корутунду берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- товар өндүрүүчү тарабынан берилген сыноолор протоколу, сапаты

тууралуу күбөлүк;

- атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан (тамак-ашка биологиялык

активдүү кошулмалар үчүн) продукцияга берилген каттоо күбөлүгү. Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологи- ялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2.3-пунктунун үчүнчү абзацы "тапшырылган документтерди" деген сөздөрдөн кийин ", санитардык эрежелердин жана нормалардын талаптарына ылайык техникалык-эксплуатаци- ялык картанын маалыматтарын тастыктаган" деген сөздөр менен толуктал- сын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

аймагына алып келүүчү продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык тек- шерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2.3-пункту төмөндөгүдөй ре- дакцияда баяндалсын: "2.3. Арыз берүүчү продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык текшерүү жүргүзүүгө арыз берет. Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Потенциалдуу уулуу хи-

миялык заттарды мамлекеттик каттоонун тартибине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2.3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.3. Потенциалдуу уулуу химиялык заттардын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн арыз берүүчү төмөндөгүдөй доку- менттерди тапшырат:

- потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоодон өткө-

рүүгө арыз;

- химиялык заттар тууралуу маалыматтардын тизмеси.

Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.";

2.5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;

2.7-пунктундагы "бардык керектүү документтер тапшырылгандан кийин"

деген сөздөр "потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоо- дон өткөрүүгө арыз берүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022 - жылдын 20 - майындагы № 267

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри И.Чудинов
