# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-февралындагы № 67 "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-февралындагы № 67 "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58904>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12608/edition/328077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58904.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-февралындагы № 67 "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому (29.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58904

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-февралы № 67

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик

коомуна жер участогун убактылуу пайдаланууга

берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү макса-

тында жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,

384-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-

нин 4, 5, 20, 32-статьяларына, 68-статьясынын 4-пунктуна ылайык жана

жеке менчик жер үлүштөрү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын Айыл

чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен ага тете башка жер

үлүштөрүн алууга макулдугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү ме-

нен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулда-

шылган, Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов атындагы айылдык

кењешинин аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке

менчик укугундагы аянты 168,8 га жер участогун, анын ичинде 4,28 га су-

гат жана 6,8 га кайрак айдоосун, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү

фондунун 5,1 га сугат жана 27,4 га кайрак айдоосун жана айылдын жанын-

дагы 125,22 га жайытты ижара келишиминин шартында "Түштүк-Кыргыз цемен-

ти" жабык акционердик коомуна берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын

ичинен:

- конвейер линиясын куруу үчүн - 9,38 га сугат, 7,2 га кайрак ай-

доону жана 6,22 га жайытты 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга;

- акиташ жана чопо-кумай карьерин иштетүү үчүн - 27, 0 га кайрак

айдоону, 113 га жайытты жана майдалоочу цех куруу үчүн 6,0 га жайытты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ре-

сурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген иштетүү макса-

тында жер казыналарын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 8-майындагы № 538

ТЕ лицензияга ылайык 18 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытын-

дагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу

жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-

юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-

нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун

толтуруу наркынын суммасын "Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик

коомунун төлөшүн;

"Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коому менен бирдикте

ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын жарандарына

жеке менчик укугунда таандык аянты 11,08 га жер үлүштөрү боюнча Кыргыз

Республикасынын Жер кодексинин 68-статьясында белгиленген тартипте

иш-аракеттердин аткарылышын;

"Түштүк-Кыргыз цементи" жабык акционердик коомунун Ош облусундагы

Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен жер участокторго

жер салыгынын ставкасынын өлчөмүнө карата 2 (эки) коэффициентти колдо-

нуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимин

түзүүсүн;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
