# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы №66 "2008-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоону өз учурунда көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы №66 "2008-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоону өз учурунда көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12607/edition/1142194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы №66 "2008-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоону өз учурунда көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому (27.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58903

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-февралы № 66

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2008-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо

максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар

өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоону өз учурунда

көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын күз мезгили өтө кургак

болгондугунун жана дизелдик отунга, автобензинге жана күйүүчү-майлоочу

материалдардын башка түрлөрүнө баалардын өсүшүнүн натыйжасында күздүк

кылкандуу дан өсүмдүктөрү 239,6 мињ га аянтка, анын ичинде 224,1 мињ га

жерге күздүк буудай айдалганын, бул "Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн

өстүрүлгөн түшүмүн жыйноону өз учурунда жана уюшкандыкта жүргүзүү жана

2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программа-

сын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 21-июнундагы № 241 токтому менен бекитилген 2007-жылы кыл-

кандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү программасында

көрсөтүлгөн күздүк дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтынан тиешелүү түрдө 300

мињ гектарга жана 285 мињ гектарга аз болгонун белгилейт.

Түзүлгөн кырдаал климаттык шарттар менен татаалданууда, натыйжада

себилген үрөн, өзгөчө кеч себилген үрөн жарым-жартылай же толук өспөй

калышы мүмкүн.

Күздүк себүү аз болуп жана тоњдурма толук айдалбагандыктан

2008-жылдагы жазгы айдоо аянты 565,0 мињ га, жазгы себүүнүн көлөмү -

664,8 мињ гектарды түзөт. Мында күзгү дан өсүмдүктөрүнүн себүү аянтта-

рынын бир бөлүгүнө мүмкүн болуучу кайра себүүнү эске алсак, бул

көрсөткүч өсүшү ыктымал.

2008-жылдын жазгы себүү аянтынын белгиленген түзүмүнө ылайык айыл

чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө муктаждык көпчүлүк позицияларга карата то-

лук канааттандырылат. Ушуну менен бирге алдын ала эсептөөлөр боюнча

республикада 5,2 мињ тоннага жакын буудай жана 1,4 мињ тонна жазгы арпа

жетишсиз болот. Мындан тышкары 2,4 мињ тонна пахтанын үрөнү керек бол-

со, иш жүзүндө 1,2 мињ тонна, же керектөөнүн 50 проценти себилген.

Республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сатуу үчүн турган 2,2 мињ

тонна буудай жана 1,6 мињ тонна арпа үрөнү бар, ошондой эле республика-

нын мамлекеттик үрөн фондунда жазгы кылкандуу дан эгиндин 2 мињ тоннага

жакын үрөнүн, анын ичинде 1,5 мињ тонна жазгы буудай жана 0,5 мињ тонна

арпа топтоо күтүлүүдө.

Жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн 39,9 мињ тонна дизель отуну жана

12,2 мињ тонна автобензин талап кылынат. Бүгүнкү күндө республиканын

нефтетрейдерлери тарабынан 14,6 мињ тонна дизель отуну, 5,0 мињ тонна

автобензин топтолгон.

2008-жылы күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрдү кошумча азыктандыруу

үчүн 40,0 мињ тонна аммиак селитрасы керек. Азыркы учурда республикага

33,5 мињ тоннасы, же 84 проценти алып келинген. 24,7 тонна үрөндү таза-

лоочу зат керек болсо, республикада 20 тонна, же 81 проценти бар.

Машина-трактордук парктын эскиришине жана финансы каражаттарынын

тартыштыгына байланыштуу себүүчү жана жер иштетүүчү айыл чарба техника-

сынын ишке даярдыгы: тракторлор - 62,0, соко - 63,0, сеялкалар - 61,

малалар - 61 жана планировщиктер - 68,6 процентти түзөт.

"Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жу-

муштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №

614 токтомуна ылайык, 2008-жылы жазгы себүүнү жүргүзүүгө материал-

дык-техникалык жана финансылык ресурстар менен камсыздоо бөлүгүндө рес-

публиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү

маселелерин өз учурунда чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Айыл,

суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги бюджеттен бөлүнгөн

200 млн. сомго Липецк трактор заводунан 306 трактор, 306 соко жана 109

чиркегич сатып алган.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлигинин алдындагы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча

мамлекеттик департаментине тендердик негизде минералдык жер семирткич-

терди сатып алуу жана андан ары айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредит

берүү үчүн 30 млн. сом бюджеттен бөлүнгөн.

"Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2008-жылдагы

жазгы айдап себүүгө жаздык дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү жана

күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылууда аларга мамлекеттик

колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

21-июнундагы № 237 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мам-

лекеттик агенттикке 10 мињ куб. метр дизел отунун мамлекеттик материал-

дык резервге коюу үчүн зарыл акча каражаты бөлүнгөн. Ушуга байланыштуу

2008-жылдын 16-январында дизель отунун бир литрин 20,5 сом коюу баасы

боюнча сатып алууга тендер өткөрүлгөн, бул рыноктук баадан 4-5 сомго

арзан.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын,

өзгөчө жаратылыштык-климаттык шарттары оор жана жагымсыз болгон район-

дорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө товардык кредит берүү үчүн жогор-

ку сапаттагы үрөн сатып алууга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба

жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 35,5 млн. сом бөлүп берүү

тапшырылган. 2008-жылдын 28-февралына карата иш жүзүндө 20,0 млн. сом

бөлүнгөн, анын ичинен сорт жањыртуу жана үрөнчүлүк чарбалардын сорт ал-

маштыруулары үчүн арпанын жана буудайдын 308 тонна супер-элита жана

элита үрөнүн түз сатып алууга 7,8 млн. сом пайдаланылган. Мындан тышка-

ры 12,2 млн. сомго биринчи, экинчи жана үчүнчү репродукциядагы буудай-

дын жана арпанын 706 тонна үрөнүн сатып алууга тендер өткөрүлгөн.

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөргө

кредит берүү үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна бөлүнгөн финан-

сылык каражаттар жай темп менен өздөштүрүлүүдө.

2008-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү жүргүзүүгө респуб-

ликанын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө ыњгайлуу шарттарды түзүү жана

республиканын азык түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүү мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин жана анын ведомстволук кызматтарынын, облустардын

жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бардык кызыкдар министрликтер-

дин жана администрациялык ведомстволордун, ошондой эле айылдык товар

өндүрүүчүлөрдүн биринчи кезектеги милдети - өлкөнүн азык-түлүк коопсуз-

дугун камсыздоочу көлөмдөрдө 2008-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өз учу-

рунда жана уюшкандыкта жүргүзүү болуп саналсын.

2. 2008-жылы жазгы-талаа жана жыйым-терим иштеринин комплексине

даярдык көрүүгө, өткөрүүгө жана өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз-

доого байланыштуу маселелерди оперативдүү чечүү боюнча республикалык

штаб № 1 тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Республикалык штабдын жумушчу органы Кыргыз Республикасынын Айыл,

суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги болуп аныкталсын.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары облустар-

да жана райондордо ушул сыяктуу аймактык жумушчу штабдарды түзүшсүн,

алардын оперативдүү иштөөсүн уюштурушсун жана ушул жумушчу орган белги-

леген форма боюнча Республикалык штабдын жумушчу органына жазгы-талаа

жана жыйым-терим иштеринин жүрүшү жөнүндө маалыматты жума сайын берип

турууну камсыздашсын.

4. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрация башчыла-

ры:

- № 2 тиркемеге ылайык республиканын азык-түлүк коопсуздугун кам-

сыздоочу күзгү дан өсүмдүктөрүнүн иш жүзүндөгү себүү аянттарын эске

алуу менен 2008-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аян-

ттарынын оптималдуу түзүмүн аткарууга алышсын жана ар бир айыл өкмөтүнө

жеткиришсин;

- 2008-жылдын күзгү-талаа иштерине себүүчү жана жер иштетүүчү айыл

чарба техникасын өз учурунда даярдоону камсыздашсын;

- күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоолорун азоттук минералдык

жер семирткичтер менен эрте-жазгы кошумча азыктандырууну жүргүзүү мак-

сатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мине-

ралдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жет-

кирүүчүлөр менен келишимдердин негизинде жана айылдык товар

өндүрүүчүлөр үчүн өз ара пайдалуу шарттарда республикага жеткирүү боюн-

ча иштерди жакшыртышсын;

- айыл өкмөттөрүнүн, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана

башка чарбакер субъекттердин балансындагы бардык болгон ички чарбалык

сугат тармагын өз учурунда жана сапаттуу даярдоону ным топтоочу жана

вегетациялык сугаттарды жүргүзүүнүн алдында камсыздашсын;

- пайдаланылбаган айдоолорду айыл чарбалык жүгүртүүгө максималдуу

тартуу боюнча чараларды көрүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Эконо-

миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана региондук, район-

дор аралык жана райондук мамлекеттик үрөн инспекциялары менен бирдикте

жазгы буудайдын жана жазгы арпанын үрөнү бар чарбакер субъекттерди алар

тарабынан бюджеттик ссудалары, чет өлкөлүк кредиттери, анын ичинде Япо-

ния Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча алынган өздөрүнүн карыздарын жо-

юу үчүн катуу эсепке алсын;

- аталган чарбакер субъекттер менен мамлекеттик республикалык үрөн

фондуна үрөн топтоо, Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик

республикалык комиссия тарабынан үрөн топтоо жөнүндө зарыл материалдар-

ды өз учурунда берүү тууралуу тиешелүү келишимдерди түзсүн;

- процентсиз товардык кредиттин шарттарында 2008-жылдын 1-декабры-

на чейин жоюу мөөнөтү менен 2008-жыл үчүн топтолгон жазгы үрөндү айыл-

дык товар өндүрүүчүлөргө белгиленген тартипте бөлүштүрсүн жана алар ме-

нен тиешелүү кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк милдеттенмелерди

түзсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жу-

муштарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №

614 токтому менен белгиленген иш-чараларды өз учурунда каржылоону кам-

сыздасын;

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин Суу чарба департаментинин ведомстволук уюмдарынын

чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоону 2008-жылдын биринчи жарым

жылдыгында "Башка кызматтарды сатып алуу" деген 2215-статья боюнча 11,6

млн. сом суммасында жана "Имараттар жана курулмалар" деген 3111-чыгым-

дар статьясы боюнча - 53 млн. сом суммасында камсыздасын.

8. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-октябрындагы № 403-б буйругунун негизинде

100,0 млн. сом суммасында бюджеттик ссуданы оперативдүү жана толук пай-

далануу максатында төлөөгө жөндөмдүү бардык айылдык товар

өндүрүүчүлөргө, алардын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук жана гибрид-

дик үрөнүн, минералдык жер семирткичтерди жана айыл чарба техникасы

үчүн запастык бөлүктөрдү сатып алуулары үчүн акчалай кредит берүү су-

нушталсын, мында республиканын облустарына карата акча каражаттарын

пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр жай министрлигинин сунуштары жетекчиликке алынсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

жана "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик коомдору менен бирдикте

бир жумалык мөөнөттө 2008-жылдагы кант кызылчасын кабыл алууга жана

кайра иштетүүгө сырье өндүрүүчү - кызылча өстүрүүчүлөр үчүн алгылыктуу

келишимдин шарттарын иштеп чыксын жана ушул шарттарды жалпыга маалымдоо

каражаттарына жарыяласын.

10. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурста-

ры министрлиги:

- Нефтетрейдерлер ассоциациясынын катышуусунда, 2008-жылдын жаз-

гы-талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде айыл чарба техникасын үзгүлтүксүз

иштетүү максатында республиканын региондоруна № 3 тиркемеге ылайык

көлөмдөрдө күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүүнү жана топтоону

камсыздасын;

- республиканын өнөржай ишканаларында айыл чарба техникасына за-

пастык бөлүктөрдү, түйүндөрдү жана агрегаттарды даярдоону уюштурсун,

кичи механизациянын каражаттарын чыгарууну жөнгө салсын;

- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин Суу чарба департаментинин арызына ылайык электр

энергиясын пайдалануунун лимитин бекитсин.

11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-февралындагы

токтомуна № 1 тиркеме

2008-жылга жазгы-талаа, жыйым-терим жана

күзгү-талаа иштерин даярдоо жана өткөрүүгө

байланышкан маселелерди оперативдүү

чечүү боюнча республикалык штабдын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри - штабдын

төрагасы;

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министри, штабдын төрагасынын орун басары.

Штабдын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы

(макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси

жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-

нин орун басары;

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат

жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору

(макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-

ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар

жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономика-

ны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору;

"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы

(макулдашуу боюнча);

Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба

маселелерин тейлөөчү орун басары;

Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл

чарба маселелерин тейлөөчү орун басары;

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба

маселелерин тейлөөчү орун басары;

Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба

маселелерин тейлөөчү орун басары;

Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба масе-

лелерин тейлөөчү орун басары;

Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба

маселелерин тейлөөчү орун басары;

Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба ма-

селелерин тейлөөчү орун басары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-февралындагы

токтомуна № 2 тиркеме

2008-жылга Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба

жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги сунуштоочу

айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын

ТҮЗҮМҮ

(мињ га)

| Өсүмдүк- | Рес- | Анын ичинде облустар боюнча |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| төрдүн | публи- | \---------------------------------------------------- |  |  |  |  |  |  |
| аталышы | ка | Бат- | Жалал- | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй |
|  | боюнча | кен | Абад |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Айдоо | 1148,5 | 55,5 | 153,3 | 178,0 | 93,3 | 171,2 | 104,1 | 393,1 |
| аянты |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Дан | 644,5 | 34,9 | 79,1 | 99,7 | 34,1 | 94,9 | 58,7 | 243,1 |
| эгиндери, |  |  |  |  |  |  |  |  |
| бардыгы |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Анын | 399,5 | 19,5 | 54,1 | 74,2 | 23,6 | 73,5 | 16,0 | 138,6 |
| ичинде: |  |  |  |  |  |  |  |  |
| буудай |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Жүгөрү | 74,1 | 6,4 | 20,5 | 0,014 | 0,2 | 13,7 | 9,3 | 24,0 |
| Арпа | 127,7 | 5,2 | 1,2 | 25,1 | 10,3 | 5,5 | 1,8 | 78,6 |
| Дан | 34,8 | 1,8 | \- | 0,4 | \- | 0,24 | 31,6 | 0,8 |
| буурчак |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Башкалар | 8,4 | 2,0 | 3,3 | 0,06 | \- | 2,0 | \- | 1,1 |
| Кант | 9,2 |  |  |  |  |  | 0,8 | 8,4 |
| кызылчасы |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Пахта | 36,9 | 0,5 | 24,4 | \- | \- | 12,0 | \- | \- |
| Тамеки | 6,2 | 0,7 | 0,6 |  |  | 4,95 | \- | 0,02 |
| Май | 73,2 | 4,9 | 26,0 | 0,5 | 0,3 | 25,8 | 3,7 | 12,0 |
| өсүмдүгү |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Картөшкө | 86,3 | 1,9 | 7,1 | 33,0 | 6,3 | 9,8 | 17,3 | 10,9 |
| Жашылча- | 42,7 | 2,2 | 7,1 | 2,5 | 0,7 | 6,6 | 4,8 | 18,8 |
| лар |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Бахча | 5,5 | 0,3 | 1,1 | \- | \- | 1,8 | \- | 2,3 |
| өсүмдүк- |  |  |  |  |  |  |  |  |
| төрү |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Тоют | 244,0 | 10,1 | 7,9 | 42,3 | 51,9 | 15,3 | 18,9 | 97,6 |
| өсүмдүк- |  |  |  |  |  |  |  |  |
| төрү |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Мөмө-же- | 47,1 | 10,8 | 7,3 | 8,2 | 0,3 | 9,4 | 2,2 | 8,9 |
| миштер |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Жүзүм | 6,7 | 2,7 | 1,4 | 0,01 | \- | 0,6 | 0,01 | 2,0 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-февралындагы

токтомуна № 3 тиркеме

2008-жылы жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн

күйүүчү-майлоочу материалдарга айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн

КЕРЕКТӨӨЛӨРҮ

(тонна менен)

| Облустардын аталышы | Дизотун | Бензин | Дизмай | Автол |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| Баткен | 2425 | 586 | 137 | 115 |
| Жалал-Абад | 6306 | 1896 | 189 | 126 |
| Ош | 6386 | 2551 | 253 | 87 |
| Нарын | 3024 | 725 | 120 | \- |
| Ысык-Көл | 6385 | 1913 | 224 | \- |
| Талас | 5200 | 931 | 178 | 71 |
| Чүй | 9203 | 3600 | 325 | 85 |
| Республика боюнча | 39929 | 12198 | 1426 | 484 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
