# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12606/edition/399860/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 65 Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө"токтому (15.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58902

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-февралы № 65

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын

кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча

2003-2007-жылдар үчүн кошумчаларды төлөө жөнүндө

(КР Окмотунун 2009-жылдын 2-апрелиндеги №208

токтому менен озгортулду)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статья-

сына ылайык жана мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызмат-

керлерине педагогикалык стажысы боюнча 2003-2007-жылдар үчүн кошумча-

ларды төлөө маселесин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине пе-

дагогикалык стажысы боюнча кошумчаларды төлөөдөгү карыздарды төмөнкү

графикке ылайык жойсун:

2008-жылдын 1-сентябрынан тартып - 2003-жыл үчүн;

2009-жылдын 1-январынан тартып - 2004-2005-жылдар үчүн;

2010-жылдын 1-январынан тартып - 2006-2007-жылдар үчүн;

- ушул токтомдон улам "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республи-

калык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп

чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-

гизсин;

- мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын кызматкерлерине пе-

дагогикалык стажысы боюнча 2004-2007-жылдардагы түзүлгөн карызды төлөө

үчүн бекем гарантияны камсыздоо максатында мамлекеттик баалуу кагаздар-

ды белгиленген тартипте чыгарсын;

- 2008-жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык окуу

жайлардын кызматкерлерине педагогикалык стажысы боюнча 2004-2007-жыл-

дардагы карызды төлөө үчүн мамлекеттик баалуу кагаздарды берүүнүн меха-

низмин жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жоюунун шарттарын иштеп чык-

сын жана белгиленген тартипте бекитсин.

- 2004-2007 жылдар учун педагогикалык стажына кошумчаларды толоо

боюнча карыздарды квартал сайын бирдей улушто оз убагында каржылоону

камсыз кылсын.

2. (КР Окмотунун 2009-жылдын 2-апрелиндеги №208

токтому менен алынып салынды)

- нормативдик укуктук актыларда Кыргыз Республикасынын билим берүү

системасынын кызматкерлерине кошумчалардын түрлөрүнүн кайталанышын жоюу

максатында 2008-жылдын 15-мартына чейин Кыргыз Республикасынын билим

берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына инвентаризация жүргүзсүн.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын

кызматкерлерине педагогикалык стажысы үчүн кошумчаларды алуучулардын

тизмесин жана төлөө үчүн зарыл каражаттардын эсептөөлөрүн тиркемеге

ылайык форма боюнча 2008-жыл үчүн - 2008-жылдын 15-мартына чейин,

2003-2007-жылдар үчүн - 2008-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республика-

сынын Финансы министрлигине беришсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-

це-премьер-министри Нур уулу Досболго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-февралындагы

№ 65 токтомуна

тиркеме

Мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын

кызматкерлерине педагогикалык стажысы үчүн

кошумчаларды алуучулардын тизмеси жана

төлөө үчүн зарыл каражаттардын

ЭСЕПТӨӨЛӨРҮ

| № | Аты-жөнү | Паспорт | Мамлекеттик/ | Төмөнкү жылдар үчүн карыздар |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  | маалыматтары | муниципалдык | \-------------------------------- |  |  |  |  |
|  |  |  | окуу жайдын | 2003- | 2004- | 2005- | 2006- | 2007- |
|  |  |  | аталышы | жыл | жыл | жыл | жыл | жыл |
|  |  |  | жана дареги |  |  |  |  |  |

Колу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(министрликтин, мамлекеттик комитеттин

администрациялык ведомствонун, жергиликтүү

мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү

алдынча башкаруу органынын жетекчиси)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
