# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12605/edition/328074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (13.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58901

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 27-февралы № 64

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Транзиттин чет өлкөлүк катышуучуларына транзиттин Кыргыз Республи- касында белгиленген тартиби жөнүндө өз убагында маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы №

432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техника- ны транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бе- китилген Жобонун жашырындыгы ачыкка чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы №

432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техника- ны транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөн- күдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы ("жашырын") деген сөз алып салынсын;

- аталган токтом менен бекитилген Жободогу жана анын тиркемесинде-

ги "Жашырын" жана "№ нуска" деген сөздөр алып салынсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
