# 8-статья. Маалыматтын ачыктыгы

- Документ: [Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/589)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 5-декабрындагы № 89 "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 05.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-555/edition/1132691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/589/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө, 8-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-8

---

Мамлекеттик, коомдук жана менчик массалык маалымат каражаттары ал маалыматты пайдалануучуларды кандайдыр бир өзгөчө категорияга бөлбөстөн бардык граждандар жана уюмдар үчүн анын толук ачыктыгын камсыз кылат. Мезгилдүү басылмаларга, маалыматтык теле-радиопрограммаларга эркин жетүү, ошондой эле мыйзам тарабынан каралган учурларда маалымат алуунун булагы менен таанышуунун мүмкүнчүлүгү да маалыматтын ачыктыгына кирет. Ушул статьянын талаптары купуя маалыматка, ошондой эле мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык жашыруун сырды камтыган маалыматка жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-9)
