# 6-статья. Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу

- Документ: [Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/589)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 5-декабрындагы № 89 "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 05.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111505)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.12.2016 [Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111505); 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года № 214 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/202011)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/589#diff=1132693..1132694>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-555/edition/1132691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/589/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө, 6-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-6

---

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызмат адамдары ар кимге анын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына тиешеси бар документтер, чечимдер жана башка материалдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Маалыматка жетүү төмөнкү жолдор менен камсыз кылынат:

1) тийиштүү материалдарды жарыялоо жана таратуу;

11) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

2) суроо-талашын негизинде маалыматтарды берүү;

3) өз иши жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;

4) документтерге жана материалдарга түздөн-түз жетүүнү камсыз кылуу;

5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына түздөн-түз жетүүнү камсыз кылуу;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыкмалар.

Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 11-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар аларды жалпыга жеткиликтүү жана өз убагында маалыматтык түшүндүрүү боюнча чараларды милдеттүү тартипте көрүүгө тийиш. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-7)
