# 5-статья. Маалымат алуу суроо-талабы

- Документ: [Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/589)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 5-декабрындагы № 89 "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 05.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2006 года № 214 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/202011)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/589#diff=1132692..1132693>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-555/edition/1132691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/589/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө, 5-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-5

---

Ар ким түздөн-түз же өзүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу маалымат алуу суроо-талабы менен кайрылууга укуктуу. Маалымат алуу суроо-талабы жазуу түрүндө болушу мүмкүн. Жазуу түрүндөгү суроо-талапта кайрылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги, суратылган маалыматтын аталышы же мүнөзү камтылууга тийиш. Жазуу түрүндөгү суроо-талаптар катталууга тийиш. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды алууга суроо-талаптар менен байланышкан өзгөчөлүктөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамдын ченемдери менен да жөнгө салынат. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-6)
