# 10-статья. Көпчүлүктүн алдында жайылтууга тийиш болбогон маалымат тын тизмеси

- Документ: [Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/589)
- Толук аталышы: КР 1997-жылдын 5-декабрындагы № 89 "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 05.12.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 октября 2002 года №147 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «О гарантиях и свободе доступа к информации»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/589#diff=1132691..1132692>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-555/edition/1132691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/589/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө, 10-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-10

---

Массалык маалымат каражаттарында:

1) мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сырды ачууга;

2) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга же өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын жана ар кандай башка мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга;

3) согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка, улуттук, диний өзгөчөлүккө жана башка элдер менен улуттарга чыдамсыздык менен мамиле жасоого үгүттөөгө;

4) динге ынангандардын жана дин кызматчыларынын диний сезимдерин мазактоого;

5) порнографияны жайылтууга;

6) уят деп эсептелген сөздөрдү пайдаланууга;

7) граждандык жана улуттук этиканын ченемдерин бузуучу, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб. желек, гимн) мазактоочу материалдарды жайылтууга;

8) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;

9) жалган маалыматты алдын ала билип туруп жарыялоого.

(КР 2002-жылдын 18-октябрындагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/589/st-11)
