Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 22-февралы № 61
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директо-
ру Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун кара-
ган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-
далсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2004-ж., №
9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3, 6, 8, 13, 29, 38, 47, 53 жана 57-статьялардагы "Мамлекеттик
органдын макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын.
2. 3-статьяда:
- 4-пункттагы "Мамлекеттик орган" деген сөздөр "сатып алуучу уюм"
деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "мыйзамда бел-
гиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп
эсептелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 5-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик орган-
дын макулдугу менен" деген сөздөр "же мамлекеттик органдын чечими боюн-
ча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 10-статьяда:
- 3-пункт "актыларды" деген сөздөн кийин "министрликтер жана ве-
домстволор менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Мамлекеттик орган берилген сатып алуу жол-жоболорунун протоколун
10 жумуш күнүнүн ичинде карап чыгат жана тезинен өзүнүн жообун сатып
алуучу уюмга жиберет.".
5. 13-статьяда:
- 4-пунктунун төртүнчү абзацы алып салынсын;
- 8-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген
сөздөрдөн кийин "мамлекеттик органдын сунушу боюнча" деген сөздөр менен
толукталсын;
- 9-пункттагы "Мамлекеттик орган менен макулдашып," деген сөздөр
алып салынсын.
6. 14-статьяда:
- 2-пункт алып салынсын;
- 4-пункттагы "биринчи-бешинчи" деген сөздөр "экинчи-алтынчы" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 17-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "сатып алуулардын
усулун (катышуучулары чектелбеген тоорукка караганда) тандап алуу Мам-
лекеттик орган менен макулдашуу боюнча гана жүзөгө ашырылат" деген
сөздөр "катышуучулардын санына чек койбогон тооруктар усулу гана колдо-
нулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 23-статьяда:
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "6" деген цифра "4" деген цифра
менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "/же" деген белги менен сөз алып
салынсын;
- 5-пункт алып салынсын.
9. 29-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Тоорукту токтотуу жана болгон жок деп таануу";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде сатып алууларды өткөрүү кырдаалдын күтүлбөгөн жерден
олуттуу өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттин таламдарына дал келбей кал-
са, сатып алуучу уюм тоорукту токтотот.";
- статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Сатып алуучу уюм төмөнкүдөй учурларда тоорукту болгон жок
деп тааныйт:
бардык арыздар кабыл алынбаганда;
тендердик арыздын эњ аз баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатып
алууларды өткөрүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул статьянын 1-1-пунктуна ылайык тоорук болгон жок деп таа-
нылган учурда сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын башка усулу
менен кайталап тоорук өткөрө алат.".
10. 35-статьяда:
- 1-пункттагы "6" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 2-пункт алып салынсын.
11. 36-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып
салынсын.
12. 61-статьянын 1-пунктундагы "Мамлекеттик орган менен макулдаш-
кандан кийин гана" деген сөздөр алып салынсын.
13. 66-статьяда:
- 4-пункт алып салынсын.
14. 68-статьядагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "мыйзамда
белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу бо-
луп эсептелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон