# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-февралындагы № 50 " Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-февралындагы № 50 " Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58886>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12595/edition/328061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58886.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-февралындагы № 50 " Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58886

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-февралы № 50

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун

коллективдүү каражаттарын классификациялоонун

мамлекеттик системасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 9-августундагы №

307 "2005-жылы туристтик сезонду өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

жана Кыргыз Республикасында туризмди андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар

жөнүндө", 2007-жылдын 16-майындагы № 24 "2007-2010-жылдарга өлкөнү

өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республика-

сынын туристтик индустриясынын негизи катары мейманкана секторун жана

туристтерди жайгаштыруу каражаттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамле-

кеттик агенттик эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Респуб-

ликасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонун

бирдиктүү мамлекеттик системасын иштеп чыксын жана бекитсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
