Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында радиоактивдүү жана уулуу калдыктар бар калдык сактагычтардын жана кен калдыктарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-02-13.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-февралы № 45
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында радиоактивдүү жана
уулуу калдыктар бар калдык сактагычтардын жана
кен калдыктарынын коопсуздугун камсыздоо
боюнча чаралар жөнүндө
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагындагы кен казуу өнөр
жайынын калдыктарынын мамлекеттик кадастрына ылайык кен өндүрүшүнүн уу-
луу жана радиоактивдүү калдыктары бар 99 калдык сактагыч жана кен кал-
дыктары жайгашкан.
Ысыккөл облусунун Тоњ районунун Кажысай поселогундагы калдык сак-
тагычтан башка бардык калдык сактагычтар жана кен калдыктары Нарын,
Майлуусу, Чүй, Сумсар дарыяларынын бассейндеринде жайгашкан жана транс-
чегаралык мүнөзгө ээ.
1993-1999-жылдарда авариялык-калыбына келтирүү жумуштары жана
учурдагы эксплуатациялык жумуштар кез-кези менен жүргүзүлгөн, калдык
сактагычтардын көп бөлүгү коркунучтуу табигый процесстердин таасирине
кабылат. Калдык сактагычтарды долбоорлоодо жана курууда узак мөөнөттүү
иш-чаралар, потенциалдуу коркунучтуу табигый процесстер эске алынган
эмес. Көп калдык сактагычтар калктуу конуштардын жанында жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калдык сакта-
гычтарда реабилитациялык жумуштарды аткаруунун артыкчылыктарын аныктоо
менен Биринчи кезектеги иш-аракеттердин комплекстүү программасын иштеп
чыккан. Программада каралган калдык сактагычтардагы биринчи кезектеги
реабилитациялык жумуштардын болжолдуу наркы 1524 млн.сомдон ашыкты
түзөт, анын ичинде:
Жалалабат облусунун Майлуусуу шаарынын районунда жайгашкан калдык
сактагычтарда - 672 млн.сом;
Жалалабат облусунун Чаткал районунун Сумсар поселогунун районунда
жайгашкан калдык сактагычтарда - 200 млн.сом;
Жалалабат облусунун Чаткал районунун Шекафтар поселогунун районун-
да жайгашкан кен калдыктарында - 60 млн.сом;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет поселогундагы калдык
сактагычтарда - 80 млн.сом;
Нарын облусунун Жумгал районундагы Мињкуш поселогунун районунда
жайгашкан калдык сактагычтарда - 184 млн.сом;
Чүй облусунун Кемин районунун Актүз айлынын районунда жайгашкан
калдык сактагычтарда - 64 млн.сом;
Ысыккөл облусунун Тоњ районунун Кажысай поселогунун районунда жай-
гашкан калдык сактагычтарда - 144 млн.сом;
Чүй облусунун Кемин районунун Орловка поселогунун районунда жай-
гашкан Буурдин калдык сактагычында - 120 млн.сом.
1999-2007-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар ми-
нистрлиги 8,8 млн.сом суммадагы авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын
жүргүзгөн, негизги гидротехникалык жана коргоочу курулмалар оњ абалга
келтирилген, байкоо жүргүзүү тармагы түзүлгөн жана калдык сактагычтар-
дын убактылуу коопсуз абалы камсыздалган.
Калдык сактагычтарды адамдардын уруксатсыз киришинен коруу ишке
ашырылган эмес, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
калдык сактагычтардын техникалык абалына жана аларга коркунучтуу таби-
гый процесстердин таасирине гана байкоо жүргүзөт.
Кийинки жылдарда адамдар түстүү металлдарды казып алуу максатында
калдык сактагычтарга уруксатсыз кирген фактылары болууда, бул калдык
сактагычтардын жалпы эле сакталышына жана бүтүндүгүнө жана жалпысынан
алар жайгашкан райондордогу жерлердин экологиялык абалына терс таасир
тийгизет.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (мындан ары - МАГАТЭ)
санитардык нормаларына жана эл аралык стандарттарына ылайык радиациялык
коопсуздук боюнча иш-чараларды тийиштүү лицензиясы бар адистешкен уюм-
дар аткарууга тийиш.
Эл аралык жана улуттук эксперттер калдык сактагычтардын жана кен
калдыктарынын абалына жана реабилитацияланышына баа беришкен.
Адистердин маалыматтары боюнча азыркы учурда радиациялык коркунуч-
туу экологиялык катастрофалар болуу опурталы жогору, алардан булгануу
мүмкүндүгү бар зонага Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасы-
нын, Тажикстан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аймактары
кирет.
Радиоактивдүү калдыктары жана уулуу заттары бар калдык сактагыч-
тардын жана кен калдыктарынын коопсуз абалын камсыздоо боюнча чараларды
көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Рес-
публикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги кызыкдар ми-
нистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана
аткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдикте радиоактивдүү жана
уулуу калдыктарды кармоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу мамлекеттик органды түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунушту
ал органга төмөнкүдөй функцияларды тапшырууну караштыруу менен Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин:
- радиоактивдүү жана уулуу калдыктары бар калдык сактагычтарды жа-
на кен калдыктарын эксплуатациялоонун жана реабилитациялоонун коопсуз-
дугун камсыздоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү;
- аткаруу бийлигинин, чарбакер субъекттердин, эл аралык уюмдардын
жана донор өлкөлөрдүн калдык сактагычтарды жана кен калдыктарын андан
ары коопсуз сактоо проблемаларын чечүү боюнча атайын ыйгарым укук бе-
рилген органдарынын иш-аракеттерин оперативдүү координациялоону камсыз-
доо;
- консервацияланган калдык сактагычтарды реабилитациялоо жана ре-
культивациялоо боюнча нормативдик документтерди, методикаларды жана
нускамаларды иштеп чыгуу;
- радиациялык жана химиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү илимий-техни-
калык маалыматтарды чогултуу, талдоо, жалпылоо жана жањы жетишкендик-
терди пайдалануу жана аларды МАГАТЭнин эл аралык стандарттарына шайкеш
келтирүү;
- уулуу, анын ичинде радиоактивдүү материалдардын жана заттардын
калдыктарын утилдештирүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана көмүү боюнча иш-
теген адистешкен уюмдардын иштерин лицензиялоо;
- уулуу заттар өндүрүшүнүн калдыктарын ташууну лицензиялоо;
- калдык сактагычтарды рекультивациялоо жана реабилитациялоо боюн-
ча долбоорлоо жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
- МАГАТЭ менен кызматташуу.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү прог-
раммасынын (ПРООН) жана Евразиялык Экономикалык Шериктештиктин (ЕврА-
зЭс) Интеграциялык комитетинин Секретариатынын 2007-жылдын 7-сентябрын-
да кол коюшкан, өкмөттөргө, эл аралык финансылык уюмдарга жана өнүктү-
рүү агенттиктерине, жеке сектордун өкүлдөрүнө жана башка уюмдарга Бор-
бордук Азияда радиоактивдүү калдыктар менен булгануу мүмкүндүгүнүн кор-
кунучу жөнүндө биргелешкен кайрылуусун ишке ашыруу максатында Кыргызс-
тандын аймагында жайгашкан уран жана башка абдан уулуу калдыктарды кам-
тыган калдык сактагычтар менен байланышкан проблемаларды талкуулоо жана
мүмкүн болуучу экологиялык кырсыктардын алдын алуу чараларын иштеп чы-
гуу боюнча Жогорку дењгээлдеги эл аралык форум даярдалсын жана
2008-жылдын күзүндө Кыргыз Республикасында өткөрүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты бир апталык мөөнөттүн
ичинде жогоруда аталган Форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу
комитетин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буй-
ругунун долбоорун даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын тиешелүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык
ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдикте
радиоактивдүү калдыктары бар калдык сактагычтарды жана кен калдыктарын
реабилитациялоо, кармоо жана кайтаруу үчүн керектүү финансылык каражат-
тардын көлөмүн аныктасын.
4. Карамагында калдык сактагычтар жана радиоактивдүү калдыктар бар
эксплуатациялоочу уюмдар жана чарбакер субъекттер радиоактивдүү жана
башка уулуу заттары бар ведомствого таандык объекттердин эксплуатация-
ланышын, реабилитацияланышын жана кайтарылышын камсыздашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дозиметр-
дик контролдун приборлорун колдонуу менен калдык сактагычтарды кайтару-
учу кызматкерлерди коопсуздук техникасына, адамга радиациялык таасирден
сактануунун жана өздүк коргонуу каражаттарын пайдалануунун методдоруна
окутууну камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлиги тийиштүү министрликтер, мамле-
кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлиги-
нин башка органдары менен бирдикте калдык сактагычтардын жана кен кал-
дыктарынын аймактарын кайтаруу жана алардын коопсуз абалын камсыздоо
боюнча иш-чараларды иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү сунуштарды киргизишсин.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касындагы радиоактивдүү калдыктары бар калдык сактагычтар жана кен кал-
дыктары менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн инвестицияларды жана
гранттарды тартууга көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коркунуч-
туу радиоактивдүү жана уулуу заттар таралуучу зоналарда калктын ден со-
олугунун абалына медициналык-биологиялык изилдөө жүргүзсүн жана сани-
тардык-эпидемиологиялык мониторинг жасасын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюн-
ча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №465 "«Кара-Балта кен комбинаты» ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана…Постановление · 20.07.2009 · № 465
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.