Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн 2006-2007-жылдарга мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексинде каралган иш-чараларды аткаруусунун жүрүшү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-02-13.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 13-февралы № 44
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун жана аткаруучу
бийликтин башка органдарынын Кыргыз Республикасында
коррупцияга каршы күрөштүн 2006-2007-жылдарга
мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата
иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексинде
каралган иш-чараларды аткаруусунун жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга кар-
шы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын 28-февралындагы № 132
токтому менен Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн
2006-2007-жылдарга мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата
иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чаралар комплекси (мындан ары - Чаралар комплекси) бекитилген, мында
коррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш-чаралар каралган.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомство-
лор жана аткаруучу бийликтин башка органдары Чаралар комплексинде ка-
ралган иш-чараларды аткаруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүштү. Мыйзам
чыгаруучу жана башка укуктук иштер жүргүзүлүп, уюштуруу жана практика-
лык мүнөздөгү чаралар ишке ашырылды. Чаралар комплексин ишке ашыруу ма-
селеси министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын коллегияла-
рынын отурумдарында жана кењешмелеринде мезгил-мезгили менен каралып,
иш-чаралардын ведомство ичиндеги тийиштүү пландары бекитилди, ошондой
эле мамлекеттик органдарда коррупцияны иликтөө жана баалоо боюнча жооп-
туу кызмат адамдары аныкталды.
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик
стратегиясын (мындан ары - Мамлекеттик стратегия) аткаруу боюнча иш та-
кай жүргүзүлүп жатат, коомдук кабылдамалар ачылган жана ишеним телефон-
дору орнотулган. Кадрлардын сапаттык курамын жакшыртуу максатында "Мам-
лекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамле-
кеттик бош кызмат орундарды ээлөөгө ачык конкурстар уюштурулат, этика
боюнча комиссиялар түзүлгөн, алардын отурумдарында мамлекеттик кызмат-
чылардын эмгектик тартибинин жана таза жүрүм-турумунун маселелери кара-
лат, операциялык-тергөө иштерин жүргүзгөн мамлекеттик кызматчылар үчүн
коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшкө багытталган
квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлөт, ведомстволук окуу бор-
борлору жана юридикалык кызматтар коррупциянын алдын алуу жана ага кар-
шы күрөшүү максатында мамлекеттик органдар менен өз ара байланышта ара-
кеттенип коомдук уюмдар жана жарандар үчүн алардын укуктары жөнүндө
окутуучу курстарды өткөрүшөт.
Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттиги (мындан ары - Агенттик) Мамлекеттик стратегиянын иш-чаралары-
нын аткарылышын контролдоо боюнча тагылган милдеттерин аткаруу макса-
тында Чаралар комплексинде каралган иш-чаралардын аткарылышын такай мо-
ниторингдерди, анда мамлекеттик органдардын аны аткаруусунун жакшы ди-
намикасы аныкталды.
Ошону менен бирге эле, Агенттиктин корутундусунда мамлекеттик ор-
гандар Чаралар комплексинин иш-чараларын канааттанарлык аткарышпаганы
белгиленген. Айрым иш-чаралар боюнча конкреттүү жооптуу аткаруучулар
белгиленген эмес, ага байланыштуу иш-чаралар аткарылбай калган.
Чаралар комплексин аткарууда иш-чараларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрү
эске алынган эмес, башкача айтканда көп учурларда аткарууга 2007-жылдын
2-жарымынан баштап алынган, ал эми мамлекеттик органдардын жетекчилери
тараптан тийиштүү контроль болбогондуктан жүргүзүлгөн иш-чаралардын на-
тыйжалуулугу бир топ эле төмөн дењгээлде калууда.
Чаралар комплексинде коррупцияга каршы 63 иш-чараны аткаруу карал-
ган, алардын ичинен 4, 11, 14 жана 25-пункттар Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин сунушу боюнча алып салынган. Калган 59 иш-чара-
нын 47си (79,7%) аткарылган, 6 иш-чаранын (10,1%) айрым бөлүгү аткарыл-
ган жана 6 иш-чара (10,2%) аткарылган эмес.
Чаралар комплексинде каралган иш-чараларды аткарбаган мамлекеттик
органдардын арасында Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана
соода министрлиги (8 иш-чаранын 2өө аткарылган), Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (3), Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги (1), Кыргыз
Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги (6), Кыргыз Респуб-
ликасынын Билим берүү жана илим министрлиги (13 иш-чаранын 9у аткарыл-
ган), Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги (2), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук
комитети (15 иш-чаранын 8и аткарылган), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо
боюнча мамлекеттик агенттик (1), Кыргыз Республикасынын Улуттук байла-
ныш агенттиги (5), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык
ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги (3), Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой
чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик (5), Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик
(2), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык
ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (3), Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер
боюнча мамлекеттик агенттик (7), Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекет-
тик агенттик (2), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесип-
тик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик (2) бар, Кыргыз
Республикасынын Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги бир да иш-чараны
аткарган эмес.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-
домстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын Мамлекеттик
стратегиянын жана Чаралар комплексинин иш-чараларын аткаруу боюнча иш-
терин калыс баалоо үчүн 2007-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин № 462 буйругу менен эки топтон турган комиссиялар
түзүлүп, алар 12 мамлекеттик органды ылгап текшерип чыгышкан.
Комиссиялар мамлекеттик органдар Мамлекеттик стратегияны жана Ча-
ралар комплексин аткаргандык жөнүндө мурда берген маалымат туура эмес
жана так эмес экендигин аныктаган. 13 иш-чара 80 процентке аткарылган
катары көрсөтүлгөн, ал эми комиссия тарабынан Чаралар комплексинин
иш-чаралары иш жүзүндө 50 процентке аткарылганы аныкталган.
Мисалы, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы 13 иш-чаранын
7өөн аткарган, 3өө толук эмес аткарылган, Ысыккөл облусунун мамлекеттик
администрациясы 4 иш-чараны аткарган, 6 иш-чаранын айрым бөлүгү атка-
рылган, Талас облусунун мамлекеттик администрациясы 2 иш-чараны аткар-
ган жана 6 иш-чаранын айрым бөлүгү аткарылган, Нарын облусунун мамле-
кеттик администрациясы 4өөнү толук, 8 иш-чаранын айрым бөлүгүн аткар-
ган, Ош облусунун мамлекеттик администрациясы 9ун толук жана 2өөнүн ай-
рым бөлүгүн аткарган, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы
3өөнү толук, 7син айрым бөлүгүнүн жарым-жартылай аткарган, Жалалабат
облусунун мамлекеттик администрациясы 4өөн толук, 7өөнүн айрым бөлүгүн
аткарган, Бишкек шаарынын мэриясы 5өөн аткарган, 5өөнүн айрым бөлүгү
аткарылган, Ош шаарынын мэриясы 6оон толук, 3өөнүн айрым бөлүгүн аткар-
ган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана коррупция социалдык-эконо-
микалык өнүгүүгө терс таасир тийгизерин, уюшкан кылмыштуулуктун жана
терроризмдин таралышына шарт түзөрүн, коомдун Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө карата ишенимине доо келтирерин жана экономиканы бүлүнтөөрүн
эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттигинин Комиссарынын орун басарынын маалыматы эске алынсын.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын Кыргыз Рес-
публикасында коррупцияга каршы күрөштүн 2006-2007-жылдарга мамлекеттик
стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чаралар комплексин аткаруу боюнча иш-
тери жетишсиз деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук
агенттигине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрация-
лык ведомстволордун, облустардын мамлекеттик администрацияларынын жана
аткаруучу бийликтин башка органдарынын Чаралар комплексинде каралган
иш-чараларды аткаруусунун жүрүшү боюнча төмөнкүлөр сунушталсын:
- мамлекеттик органдардын Чаралар комплексин аткаруусу жөнүндө
өзүнүн корутундусун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо;
- Чаралар комплексинде каралган иш-чараларды тийиштүү түрдө аткар-
баганы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрация-
лык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетек-
чилерин жоопко тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгилен-
ген тартипте сунуш киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча кийинки
жылдарга карата мамлекеттик саясатын координациялоону күчөтүү.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, агенттиктердин же-
текчилери, облустардын мамлекеттик администрацияларынын жана аткаруучу
бийликтин башка органдарынын башчылары:
- Мамлекеттик стратегиянын жана Чаралар комплексинин аткарылышына
тийиштүү контролду камсыздабаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин бир
айлык мөөнөттүн ичинде коллегиялардын отурумдарында карашсын жана
күнөөлүүлөргө карата абдан катуу чараларды көрүшсүн;
- 2008-жылдын 13-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын
Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигине коррупцияга каршы
күрөштү өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизишсин;
- Чаралар комплексинин иш-чараларын аткаруу боюнча чараларды
көрүшсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө"…Указ · 21.06.2005 · № 251 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 132 № Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата…Постановление · 28.02.2006 · № 132 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Государственная стратегия борьбы с коррупцией в Кыргызской Республике ( Утверждена Указом исполняющего обязанности Президента Кыргызской Республики от 21 июня 2005 года № 251)Стратегия · 21.06.2005 · № 251 · Күчүн жоготкон