# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы N 559 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы N 559 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58877>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12588/edition/328049/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58877.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы №43 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы N 559 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58877

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-февралы № 43

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине

2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна

өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Мамлекеттик резервден алынган товардык кредиттер боюнча мөөнөтү

өткөн карыздарды жоюуну камсыздоо боюнча чараларды көрүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай

данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана то-

луктоолор киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы

өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба

жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча

мамлекеттик агенттик жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ме-

нен бирдикте 2000-2007-жылдарда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө то-

вардык кредит түрүндө алынган 38369 тонна азык-түлүк буудай данын мам-

лекеттик резервге кайтарып берүүнү камсыз кылсын. Товардык кредитти ак-

ча каражаттары менен төлөөдөгү эсептешүүлөр төмөнкүдөй түрдө жүргүзүл-

сүн:

- 2008-жылдын 1-апрелине чейин - товардык кредитти берүүгө конт-

рактта көрсөтүлгөн баа боюнча;

- 2008-жылдын 1-апрелинен тартып азык-түлүк буудай данына Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-

даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген учурдагы ба-

зар баасы боюнча.";

- 2-пункттун экинчи абзацы "класстардагы" деген сөздөн кийин "20

проценттен төмөн эмес клейковинасы бар жана ИДКнын 100 бирдигинен ашпа-

ган экинчи топтогу сапат менен" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар ме-

нен толукталсын:

"- мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин номенклатурасына

киргизилбеген товардык-материалдык баалуулуктардын жана товарлардын

нормадан ашыкча запасын сатуунун жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин

киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көрсөтүү менен башка булактардын эсебинен

мамлекеттик резервге азык-түлүк буудай данын сатып алууга жана сактоого

коюуга уруксат берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген

баа боюнча карыз алынган азык-түлүк буудай данын, арпаны, буудай үрө-

нүн, күйүүчү-майлоочу материалдарды кайтарып берүү эсебине мамлекеттик

резервдин номенклатурасына киргизилген азык-түлүк буудай данын жана

башка материалдык баалуулуктарды мамлекеттик резервге сактоого коюуну

жүргүзсүн.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы

өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду мурда алынган товардык кредиттерди жоюу

мөөнөттөрүн узартууга тыюу салсын.".

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
