# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12575/edition/328032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №24 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58856

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-январы № 24

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын

15-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасында

лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу

менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер

жөнүндө" Мыйзамын турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы №

437 "Кыргыз Республикасында лотереяларды өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында лотереяларды

өткөрүү жөнүндө жобонун кириш сөзү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац

менен толукталсын:

"Лотереяларды түзүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын терроризмди кар-

жылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого

(адалдоого) байланыштуу иштердин алдын алуу, ачыкка чыгаруу жана аны

болтурбоо жагындагы иштери Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржыло-

ого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адал-

доого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
