# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №21 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону Бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №21 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону Бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12572/edition/328027/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №21 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону Бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.01.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58853

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 22-январы № 21

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу

менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби

жөнүндө жобону Бекитүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы

№ 378 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Мамлекеттик социалдык

камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-августундагы № 144 Мый-

замына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу

взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 378 токтому менен

бекитилген Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсызданды-

руу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

киргизилсин:

- 8-пунктта "эсептик көрсөткүчтүн алты эселенген өлчөмүнүн 24 пай-

ызы" деген сандар жана сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн отуз эселенген өл-

чөмүнүн 8 пайызы" деген сан жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункт алып салынсын:

- 12-пунктта "бирок он эселик эсептик көрсөткүчтөн кем эмес" деген

сөздөр "бирок он беш эселик эсептик көрсөткүчтөн кем эмес" деген сөз-

дөргө алмаштырылсын;

- 15-пунктта "беш эселенген эсептик көрсөткүчтүн 25 пайызынан тө-

мөн болбоого" деген сөздөр жана сандар "отуз эселенген эсептик көрсөт-

күчтүн 8 пайызынан төмөн болбоого" деген сөздөргө жана сандарга алмаш-

тырылсын;

- 18, 19, 21 жана 25-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "бөлүм" де-

ген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "башкармалык" деген сөзгө алмаштырыл-

сын;

- 23-пунктта "облустук, Бишкек жана Ош шаардык башкармалыктарынын"

деген сөздөр "райондук (шаардык) башкармалыктарынын" деген сөздөргө ал-

маштырылсын;

- 12-26-пункттар тиешелүү түрдө 11-25-пункттар болуп эсептелсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
