# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12570/edition/516229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58851

---

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 22-январы № 19 Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312, 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө тиркелген жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.

2. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) компетенциясына кирген тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жобонун талаптарын катуу карманышсын.

3.( КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
