# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 22 - январы, №18 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 22 - январы, №18 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"буйругу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12569/edition/358390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 22 - январы, №18 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"буйругу (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58850

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 22-январы № 18

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү туура-

луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу

боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

караан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Банктарды консервацнялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизүү тууралуу

1-статья.

"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 2004-ж., N 5, 235-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоолор киргизилсин:

1. 2-статьяда:

- отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"реабилитациялоо - системалык мааниге ээ банкка карата Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча консервациялоонун жүрүшүндө колдо-

нулуучу өзгөчө жол-жобо;";

- отуз үчүнчү абзац алып салынсын.

2. 14-1-статья алып салынсын.

3. 19-1 - 19-10-статьялар алып салынсын.

4. 24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Төлөөгө жөндөмсүз банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзүүдө

(банкроттоо процесси) "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамында каралган консервациялоо (санациялоо, реабилита-

циялоо), тынышуу келишиминин жол-жоболору колдонулбайт.".

5. 31-статьяда:

- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Атайын администратор Улуттук банк тарабынан сунуш кылынган та-

лапкерлердин ичинен сот тарабынан дайындалат.";

- 7-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Атайын администраторду алмаштыруу тартибинде сот тарабынан дайын-

далуучу адам да Улуттук банк сотко сунуштаган талапкерлердин арасынан

тандалат.".

6. Төмөнкүдөй мазмундагы 53-статья менен толукталсын:

"53-статья. Банкрот болгон банктарды мамлекеттин катышуусу менен

реабилитациялоо

Банкрот болгон банктарга карата реабилитациялоо жол-жобосун колдо-

нууга ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган учурларды кошпогондо тыюу

салынат.".

7. 102-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен

толукталсын:

"Бул Мыйзам колдонууга кирген күндөн тартып "Банкроттук (кудурет-

сиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору банктарга

карата колдонулбайт.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы бир айлык мөөнөттө өзүлөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул

Мыйзамга ылайык келтиришсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
