# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-январындагы № 10 "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-январындагы № 10 "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12561/edition/328015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58842.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-январындагы № 10 "Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58842

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 17-январы № 10

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт

академиясынын чакырууга чейинки даярдоо

кафедрасы жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги

боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууну камсыздоо жана жалпы би-

лим берүүчү жана атайын кесиптик окуу жайлар үчүн бул адистик боюнча

педагог кадрларды даярдоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аскер-

дик кафедрасы "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги боюнча даярдап

чыгаруучу деген статус берүү менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана

спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы болуп өзгөртүл-

сүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, N 38 жана 40 да-

ректериндеги имараттарды, курулмаларды жана жер участокту Кыргыз мамле-

кеттик дене тарбия жана спорт академиясынын балансына өткөрүп берсин.

3. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы окууга өт-

көн жана "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги боюнча окуп жаткан

студенттерди окутууну улантсын.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка маселелерди

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте бир айлык мөө-

нөттүн ичинде, республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде

чечсин;

- бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана

спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдык кафедрасы жөнүндө жобону

иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн;

- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакыруу-

га чейинки даярдык кафедрасынын ишин бюджеттик каражаттардан, анын

ичинде окутуучуларга эмгек акыларды жана студенттерге стипендияларды

эсептөө жана төлөө менен кошо каржылоону улантсын;

- кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын катышуусу менен он күндүк

мөөнөттө чакырууга чейинки даярдык боюнча даярдап чыгаруучу кафедранын

товардык-материалдык баалуулуктарын бөлүштүрүү балансын түзсүн жана бе-

китсин.

5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана кор-

гонуу, укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүк-

төлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
