Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-январы № 10
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт
академиясынын чакырууга чейинки даярдоо
кафедрасы жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги
боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууну камсыздоо жана жалпы би-
лим берүүчү жана атайын кесиптик окуу жайлар үчүн бул адистик боюнча
педагог кадрларды даярдоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аскер-
дик кафедрасы "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги боюнча даярдап
чыгаруучу деген статус берүү менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана
спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдоо кафедрасы болуп өзгөртүл-
сүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, N 38 жана 40 да-
ректериндеги имараттарды, курулмаларды жана жер участокту Кыргыз мамле-
кеттик дене тарбия жана спорт академиясынын балансына өткөрүп берсин.
3. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы окууга өт-
көн жана "Чакырууга чейинки дене тарбия" адистиги боюнча окуп жаткан
студенттерди окутууну улантсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка маселелерди
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте бир айлык мөө-
нөттүн ичинде, республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде
чечсин;
- бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана
спорт академиясынын чакырууга чейинки даярдык кафедрасы жөнүндө жобону
иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын чакыруу-
га чейинки даярдык кафедрасынын ишин бюджеттик каражаттардан, анын
ичинде окутуучуларга эмгек акыларды жана студенттерге стипендияларды
эсептөө жана төлөө менен кошо каржылоону улантсын;
- кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын катышуусу менен он күндүк
мөөнөттө чакырууга чейинки даярдык боюнча даярдап чыгаруучу кафедранын
товардык-материалдык баалуулуктарын бөлүштүрүү балансын түзсүн жана бе-
китсин.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана кор-
гонуу, укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябры № 505 "Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын алдында жогорку окуу жайлар аралык аскер кафедрасын түзүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 23.10.2007 · № 505 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 402 "Маймак" эркин экономикалык зонаны жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 02.06.2006 · № 402 · Күчүн жоготкон