Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 17 - январындагы №9»Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 17-январы № 9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 6-мартындагы
№ 240-IV "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү туура-
лу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри
аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-
ганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-
сын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-
домосттору, 1998-ж., № 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилсин:
1. 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн "а)" пунктчасынын биринчи абза-
цындагы ", бирок он сегиз жаш курагынан ашпаган" деген сөздөр алып са-
лынсын.
2. 9-статьясынын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана посо-
биелер" деген сөздөр алып салынсын.
3. 18-статьясынын үчүнчү бөлүгүнүн "г)" пунктчасындагы "он сегиз
жашка толгонго чейин", "жыйырма бир жашка чыкканга чейин" деген сөздөр
"алар окуусун бүтүргөнгө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 22-статьясында:
- биринчи бөлүгүнүн "б)" пунктчасындагы "он сегиз жашка толгондо"
деген сөздөр "окуусун бүтүргөндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- биринчи бөлүгүнүн "в)" пунктчасы "жыйырма бир жашка толгондо"
деген сөздөрдөн кийин "же алар окуусун бүтүргөнгө чейин" деген сөздөр
менен толукталсын;
- статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Бийик тоолуу шартта жашаган жана Бийик тоолуу жана алыскы зона-
лардын тизмесине кирбеген зоналарга туруктуу жашоо үчүн көчүп барган
кары-картањ граждандарга жана баатыр-энелерге ай сайынкы социалдык по-
собиени төлөө токтотулбайт. Ай сайынкы социалдык пособие райондук коэф-
фициентти эсепке албастан төлөнөт.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 6-мартындагы № 240-IV ""Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо…Постановление · 06.03.2008 · № 240-IV
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.