# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 15 - январындагы №8 "Кыргыз Республикасы менен Европалык союздун комиссиясынын ортосундагы техникалык кызматташтык жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 15 - январындагы №8 "Кыргыз Республикасы менен Европалык союздун комиссиясынын ортосундагы техникалык кызматташтык жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12559/edition/328013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 15 - январындагы №8 "Кыргыз Республикасы менен Европалык союздун комиссиясынын ортосундагы техникалык кызматташтык жөнүндө" токтому (15.01.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58840

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 15-январы № 8

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы менен Европалык

союздун комиссиясынын ортосундагы

техникалык кызматташтык жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №

161 буйругуна ылайык, Европалык союздун комиссиясы тарабынан берилүүчү

тышкы донордук жардамды координациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен

Европалык Союздун ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү кам-

сыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысына

Кыргыз Республикасынан Европалык союздун комиссиясынын "2007-2009-жыл-

дарга Секторалдык саясатты колдоо" программасын аткаруу боюнча иштерди

координациялоо жүктөлсүн.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Европалык Союздун Комиссиясы менен техникалык кызматташуу боюн-

ча Кыргыз Республикасынын атынан Улуттук координаторду дайындоо жана

Европалык Союздун Комиссиясынын "Азык-түлүк коопсуздугу" программасын

Кыргыз Республикасынын атынан аткаруу боюнча иштерди координациялоону

тапшыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-апре-

линдеги № 157 токтому;

- "Европалык Союздун Комиссиясы менен техникалык кызматташуу боюн-

ча Кыргыз Республикасынын атынан Улуттук координаторду дайындоо жана

Европалык Союздун Комиссиясынын "Азык-түлүк коопсуздугу" программасын

Кыргыз Республикасынын атынан аткаруу боюнча иштерди координациялоону

тапшыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-апре-

линдеги № 157 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-ноябрындагы №

800 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Европалык союздун комиссиясы менен тех-

никалык кызматташтык боюнча Улуттук координаторду дайындоо жана "Кыргыз

Республикасынан Европалык союздун комиссиясынын "Азык-түлүк коопсузду-

гу" программасын аткаруу боюнча иштерди координациялоону жүктөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-апрелиндеги № 157 токто-

муна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 31-майындагы № 389 токтому.

Премьер-министри И.Чудинов
