# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12558/edition/1284876/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58839.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58839

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 15-январы № 7

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2012-жылдын 12-январындагы № 30, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, 2015-жылдын 6-июлундагы № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2022-жылдын 29-июлундагы № 405, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542, 2024-жылдын 30-январындагы № 37, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 740, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 769, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 317

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын жарандарын кошумча социалдык колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2008-жылдын 1-январынан тартып социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын эсептик акчалай нормалары тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу процессинде каражат болгон учурда чекене баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен тамак-ашка сарптоолордун акчалай нормаларын индексациялоого укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга республикалык бюджетте тамак-аштын акчалай нормаларынын өзгөрүшүнө байланыштуу кошумча сарптоолорду карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2008-жылдын 1-февралына чейин белгиленген тартипте төмөнкүлөр жөнүндө нускамаларды иштеп чыксын жана бекитсин:

- республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки мекемелерде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө;

- интернат мекемелеринде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомунун 3 жана 4-пункттары;

- "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 419 токтомунун 1-пунктунун үчүнчү-төртүнчү абзацтары;

- "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31 -июлундагы № 510 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун 1-пункту;

- "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-октябрындагы № 528 токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 токтомуна тиркеме

Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай Нормалары

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2012-жылдын 12-январындагы № 30, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, 2015-жылдын 6-июлундагы № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2022-жылдын 29-июлундагы № 405, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542, 2024-жылдын 30-январындагы № 37, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 740, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 769 , 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 317 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

бир күнгө сом менен

1.

Атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында

120

а)

балдар яслилеринде жана бакчаларда төмөнкү курактагылар үчүн:

- үч жашка чейин

9-10 саат болуучуларга

13

12-24 саат болуучуларга;

18

- үчтөн жети жашка чейин:

9-10,5 саат болуучуларга

18

12 саат болуучуларга

20

24 саат болуучуларга

22

б)

санаторияларда, мектепке чейинки мекемелерде төмөнкү курактагы балдар үчүн: үч жашка чейин

22

2

Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаториядан тышкары)

90

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

21

Кесиптик-техникалык окуу жайларда (камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алынган окуучуларды кошкондо)

60

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 200, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3

Атайын интернаттарда жана мектептерде

220

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2024-жылдын 6-декабрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

31

“Акылман” президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн

350

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)

4.

Санаториялык типтеги мектеп-интернаттарда:

- мектепке чейинки курактагы балдар үчүн

29

- мектеп курагындагы балдар үчүн

165

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5.

Атайын орто музыкалык жана көркөм-өнөр мектептеринин алдындагы мектеп-интернаттарда

213

- Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп - интернаты үчүн

213

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542, 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6.

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн

220

- бардык типтеги мектеп-интернаттардагы багуусуз (камкордуксуз) жетим балдар үчүн

220

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

7

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган жетим балдар үчүн;

100

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучулары үчүн;

160

Жайкы ден соолукту чыңдоочу, эс алуу мезгилинде Ош шаарындагы "Барчын" санаторий-профилакторийинде жана Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейинин базасында башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка социалдык жактан аялуу категориялардагы окуучулары үчүн.

200

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 451, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8

Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы үчүн

213

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи жана Олимпиадалык резервдин региондук мектеби үчүн

489

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

9.

Багууда (камкордукта) турган студенттер жана окуучулар үчүн (окуу процессинин мезгилинде)

60

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

10.

Олимпиадаларды, слетторду, жыйындарды, кароолорду, конкурстарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө спортсмендер жана катышуучулар үчүн:

- спортсмендер үчүн (орточо)

150

- башка катышуучулар жана калыстар үчүн

120

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

11.

Мелдештердин жана мелдештерге даярдануу боюнча │ │ окутуу-машыктыруучу жыйындардын катышуучулары жана спортсмендер үчүн:

- райондук спорттук мелдештер (бардык

катышуучулар жана калыстар үчүн)

150

- облустук спорттук иш-чаралар (бардык

катышуучулар жана калыстар үчүн)

150

- республикалык спорттук иш-чаралар, мамлекеттер│

аралык мелдештерге даярдоого байланыштуу атайын жыйындар, мамлекеттик спорттук иш-чаралар: спортсмендер үчүн

300

башка катышуучулар үчүн

150

- эл аралык мелдештерге, эл аралык спорттук

иш-чараларга даярдоо боюнча окутуу-машыктыруу жыйындар: спортсмендер үчүн

489

башка катышуучулар жана калыстар үчүн

250

- мамлекеттик жана эл аралык спорттук

мелдештерге баруучу окутуу-машыктыруу жыйындарга катышуучу-спортсмендер төмөнкүлөр менен камсыздалат: фармакологиялык калыбына келтирүү каражаттары

160

витаминдер жана белок-глюкоза препараттары

185

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

12.

Саламаттык сактоо мекемелери үчүн

41ден аз эмес

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)

13

Саламаттык сактоо системасынын балдар үйү үчүн

220

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн реабилитациялык борборлору үчүн

220

балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборлору үчүн

220

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 405 токтомунун редакциясына ылайык)

14.

Социалдык мекемелер үчүн тамак-аштын эсептик нормалары: улгайган жарандар жана майыптар үчүн жалпы типтеги үй-интернаттарында

220

чоң кишилер үчүн психоневрологиялык үй-интернаттарында

220

балдар үчүн

220

Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун стационарынын майыптары үчүн

220

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358, 2024-жылдын 30-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Эскертүү. Муниципалдык мекемелер тамак-аштын ушул нормаларын жетекчиликке алат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-декабрындагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр

М.Исмаилов
