# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 576 "Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын "Росток" борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 576 "Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын "Росток" борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 576
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12552/edition/328005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 576 "Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын "Росток" борбору жөнүндө" токтому (06.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58832

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 6-декабры N 576

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын

"Росток" борбору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында бал-

дардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" 2006-жыл-

дын 26-январындагы № 24 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

менен Швеция Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында

2007-жылдын 24-октябрында кол коюлган 2004-2007-жылдарга Кыргыз Респуб-

ликасында "коркунуч тобундагы" балдар менен социалдык иштерди

өнүктүрүү/окутууну колдоо боюнча Атайын макулдашууга ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Үй-бүлөлөрдүн жана балдардын "Росток" борбору муниципалдуу ре-

сурстук методологиялык "Росток" борбору болуп эсептелсин.

2. Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаар башкармалыгына

жана Крупская айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- акысыз өткөрүп берүү жөнүндө Швеция эл аралык кызматташтык жана

өнүктүрүү башкармалыгы (8ГОА) менен келишим түзүү аркылуу үй-бүлөлөрдүн

жана балдардын "Росток" борборунун мүлкүн өз балансына кабыл алуу;

- муниципалдуу ресурстук методологиялык "Росток" борборунун тен

уюштуруучулары катары чыгуу, Уставын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой

эле аны юстиция органдарында белгиленген тартипте кайра каттоо жүргү-

зүү;

- муниципалдуу ресурстук методологиялык "Росток" борборун күтүүгө

2008-жылдын 1-январынан тартып өздөрүнүн бюджеттеринде белгиленген тар-

типте каражат кароо.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
