Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борбор жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 13-декабрындагы
№ 586 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,
энергетика жана отун ресурстары министрлигине
караштуу Энергетика боюнча кыргыз
илимий-техникалык борбор жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык
борбор (мындан ары - "Энергия" КИТБ) Энергетика боюнча Кыргыз или-
мий-техникалык борборунун улантуучусу болуп саналат. "Энергия" КИТБ
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары минис-
трлигине отчет берет.
2. "Энергия" КИТБ өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, мыйзамдуу күчүнө кирген эл
аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыла-
рына, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
3. "Энергия" КИТБ уюштуруучулук-укуктук "мекеме" формасындагы юри-
дикалык жак болуп саналат.
"Энергия" КИТБнын оперативдүү башкаруу укуктарындагы мүлкү болот,
мүлктү сатып алууга укуктуу, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, Кыргыз Республикасынын жана чет
мамлекеттердин банк мекемелеринде расчеттук жана башка эсеби болот,
өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тышкы экономикалык иш-
терди жүргүзөт, ошондой эле соттордо доогер жана жоопкер болушу мүмкүн.
4. "Энергия" КИТБ өзүнө таандык мүлккө милдеттенме боюнча жооп бе-
рет.
5. "Энергия" КИТБнын жана отун-энергетика комплексинин ишканалары-
нын, эл аралык уюмдардын ортосундагы мамилелер ушул Жобо, биргелешкен
иш-аракет процессинде кабыл алынган контракттар (келишимдер), ошондой
эле эл аралык макулдашуулар жана Кыргыз Республикасынын башка норматив-
дик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
II. "Энергия" КИТБнын максаттары жана
иш-аракеттеринин предмети
6. "Энергия" КИТБ энергетика тармагын илимий-техникалык жактан
камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана эл аралык программалары
менен координациялоо, ошондой эле отун-энергетика комплексинин тармак-
тарында (мындан ары - ОЭК) рынок мамилелерин өнүктүрүү максатында түзү-
лөт.
7. "Энергия" КИТБ негизги максаттарын ишке ашыруу үчүн иш жүргүзөт
жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигинин бекитүүсүнө төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча су-
нуштарды киргизет:
- Улуттук энергетикалык программаны жана ОЭКке инвестициялардын
стратегиясын илимий жактан камсыздоо;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун илимий жактан негиздөө
жана Кыргыз Республикасынын ОЭКинин мыйзамдык жана нормативдик базала-
рын иштеп чыгууга жана өркүндөтүүгө катышуу;
- рынок мамилелеринин шарттарында электр энергетикасынын ишенимдүү
жана үнөмдүү иштешин камсыздоого багытталган илимий-экономикалык изил-
дөөлөрдү жүргүзүү жана өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;
- башка өлкөлөргө электр энергиясын экспортун камсыздоого багыт-
талган иштерге катышуу;
- электр тармактарын жана электр станцияларын электр менен жабдуу-
нун ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыздоочу изилдөө-
лөрдү жүргүзүү, техникалык чечимдердин долбоорлорун, түзүлүштөрдү, нус-
камаларды жана нормативдик документтерди иштеп чыгуу;
- электр коопсуздугун жана электр түзүлүштөрүндөгү санитардык-ги-
гиеналык регламенттөөнү камсыздоо максатында нормативдик документтердин
долбоорлорун, методикалык көрсөтмөлөрдү, приборлорду жана аппараттарды
иштеп чыгуу;
- электр станцияларындагы энергетикалык котелдорду модернизациялоо
боюнча иштерди жүргүзүү жана техникалык сунуштарды иштеп чыгуу, котел-
дук-от жагуучу түзүлүштөрдүн экономикалык жана экологиялык мүнөздөмөлө-
рүн жакшыртууну камсыздоочу отундун күйүшүнүн жањы технологияларын кол-
донууга киргизүү, газды жана мазутту көмүр менен алмаштыруу;
- энергияны үнөмдөөчү стратегияны иштеп чыгуу жана изилдөө, энер-
гияны үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду колдону-
уга киргизүү;
- ОЭК тармактарын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун, отун-энергетика
ресурстарынын рационалдуу структурасын жана керектөө дењгээлин камсыз-
доо боюнча техникалык-экономикалык изилдөөлөр;
- энергиянын салттуу эмес жана калыбына келтирүүчү булактарын
изилдөө, иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
- ОЭК ишканаларын экологиялык контролдоо жана мониторинг жүргүзүү
жагындагы изилдөөлөр;
- жаратылыштык-климаттык жана табигый таасирлерден энергетика объ-
екттерин коргоонун ыкмаларын жана түзүлүштөрүн иштеп чыгуу, климаттык
райондоштуруу карталарын иштеп чыгуу;
- ОЭКтин продукцияларынан керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча
нормативдик базаны өркүндөтүү жагынан сунуштарды иштеп чыгуу;
- энергия ресурстар рыногун өнүктүрүү шарттарында ОЭКтин продукци-
яларына баа жана тариф түзүү механизмдерин изилдөө жана иштеп чыгуу;
- ОЭК тармактарында колдонулуучу техникаларга жана жањы технологи-
яларга техникалык жана энергияны үнөмдөөчү стандарттарды иштеп чыгуу;
- тажрыйбалык-конструктордук, монтаждык жана берүүчү-жөнгө салуучу
жумуштарды жүргүзүү;
- илимий жана техникалык маалыматтарды, ноу-хауну ишке ашыруу,
ошондой эле өндүрүштүн энергетикалык натыйжалуулугу, энергияны үнөмдөө
жана энергия менен жабдуу чөйрөсүндө жергиликтүү жана чет өлкөлүк таж-
рыйбаны колдонуу боюнча отун-энергетикалык, өнөр жайлык жана башка сек-
торлорго консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү;
- ОЭК ишканаларынын персоналын, анын ичинде бардык тармактардын
башкаруучуларын рынок экономикасынын шарттарында чарба жүргүзүүнүн жањы
ыкмаларына, энергияны үнөмдөө иштерин уюштуруу жана өндүрүш укугуна ли-
цензиялоого ишканаларды даярдоо, энергия булактарынын бардык түрлөрүн
берүү жана сатуу ыкмаларын окутуу;
- өз ишмердиги жагынан ишканаларга, уюмдарга жана жеке жактарга
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык негизде ар кан-
дай кызматтарды көрсөтүү.
III. "Энергия" КИТБнын укуктары жана милдеттери
8. "Энергия" КИТБ төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги менен белгиленген тартипте макулдашуу боюнча өзүнүн илимий
ишмердигинин негизги багыттарын аныктоого;
- илимий изилдөөлөрдү каржылоого конкурстарга катышууга;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды
өнүктүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана огун ресурстары
министрлиги менен макулдашуу боюнча илимий-техникалык, технологиялык
жана башка продукцияларды алуу жана сатуу үчүн белгиленген тартипте фи-
лиалдарды, ошондой эле өндүрүштүк жана башка чарбалык ишканаларды тү-
зүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлигинин тапшыруусу боюнча ОЭК долбоорлорун иштеп чыгууга жана эл
аралык долбоорлор менен программалар боюнча эксперттик корутундуларды
даярдоого тапшырмаларды макулдашууга;
- илимий рекомендацияларды жана ОЭКтин долбоорлорун ишке ашырууга
катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык нормаларга
ылайык Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү юридикалык жана
жеке жактар менен өз ишмердигинин чектеринде макулдашууларды, контракт-
тарды жана келишимдерди түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды чыгаруу-
га, маалыматтардын илимий-техникалык банктарын түзүүгө, илимий конфе-
ренцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, адистерди
аспирантурага даярдоону ишке ашырууга;
- ОЭК тармагындагы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программа-
ларга катышууга;
- интеллектуалдык менчик объекттерине жана илимий-изилдөө, тажрый-
балык-конструктордук иштердин натыйжаларына өз укуктарын коргоого.
9. "Энергия"КИТБ төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- илимий-техникалык иштеп чыгуулардын жана чечимдердин сапаты жана
тууралыгы үчүн илимий-техникалык жана башка продукциялардын жогорку
дењгээлин, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык окутуу дењгээлин
камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын энергетика комплексинин артыкчылыктуу ба-
гыттары боюнча илимий-изилдөөлөрдү аткаруу.
IV. "Энергия" КИТБнын мүлкү жана каражаты
10. "Энергия" КИТБнын мүлкү администрациялык имараттан, өндүрүш-
түк-лабораториялык корпустан, тажрыйбалык-эксперименталдык базалардан
(станциялардан), сыноо жабдууларынан, приборлордон, маалыматты иштетүү
жана берүүнүн техникалык каражаттарынан, ошондой эле "Энергия" КИТБга
бекитилип берилген башка мүлктөн турат.
Долбоорлорду жана жумуштарды аткаруу үчүн эл аралык уюмдар бөлүп
берген финансы каражаттары жана мүлкү аларды пайдалануу үчүн "Энергия"
КИТБнын атайын эсебинде жана контролунда болууга тийиш. Бул үчүн "Энер-
гия" КИТБ банктардын биринде белгиленген тартипте эсеп ача алат.
11. "Энергия" КИТБнын каражаты төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттен каралган каржылоо каражаттарынын;
- илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмердиктен түшкөн өздүк каражат-
тардын;
- улуттук илим фондунун;
- банктардын кредиттеринин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун
башка булактарынын.
V. "Энергия" КИТБнын структурасы
жана башкаруу органдары
12. "Энергия" КИТБнын структурасы илимий-изилдөө, техникалык иш-
терди жүргүзүү жана ОЭК чөйрөсүндө кадрларды окутуу боюнча ушул Жободо
аныкталган башкы максаттарды чечүү зарылдыгын эске алуу менен жүргүзү-
лөт..
"Энергия" КИТБнын штаттык саны жана кызматкерлердин эмгегине акы
төлөө формасы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр
жай, энергетика жана отун ресурстары министри тарабынан бекитилет.
13. "Энергия" КИТБга директор башчылык кылат, ал бүткүл жамааттын
жалпы чогулушунда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун
ресурстары министринин сунушу боюнча беш жылдык мөөнөткө жашыруун же
ачык добуш менен кызматка шайланат жана кызматтан бошотулат.
14. "Энергия" КИТБ энергетика тармагында кеминде 5 жылдык тажрый-
басы менен, окумуштуулук даражасы бар жана 65 жаштан ашпаган ОЭК тарма-
гындагы алдыњкы адистердин ичинен шайланат.
15. "Энергия" КИТБнын ишмердүүлүк багыттары боюнча орун басары бо-
лот. Бөлүмдөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергети-
ка жана отун ресурстары министри жана илимий-техникалык кењеш менен ма-
кулдашуу боюнча, ал эми подразделениелердин жетекчилери конкурстун жый-
ынтыгы боюнча дайындалышат.
16. Директор:
- "Энергия" КИТБнын иш-аракетине жетекчилик кылат жана ушул Жобо-
го, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык
милдеттерди аткаруу үчүн бардык зарыл ыйгарым укуктарга ээ болот;
- "Энергия" КИТБнын атынан иш-аракеттерди ишеним катсыз жүргүзөт;
- "Энергия" КИТБны мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, эл аралык коммерциялык эмес уюмдар жана коомдук би-
рикмелер менен мамилелерде анын атынан чыгат;
- илимий-техникалык кењеш менен макулдашуу боюнча "Энергия" КИТБ-
нын структуралык подразделениелери жөнүндө жобону бекитет жана анын
кызматкерлерин ишке жалдоо жана бошотуу шарттарын аныктайт;
- "Энергия" КИТБнын иш-аракети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр
жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине отчет берет.
17. Директор жок учурда "Энергия" КИТБнын иш-аракетине жетекчилик-
ти жана илимий-техникалык кењештин заседаниелеринде төрагалык кылууну
анын орун басары жүргүзөт.
18. "Энергия" КИТБнын структурасын директордун сунушу боюнча Кыр-
гыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри
бекитет.
19. Илимий-өндүрүштүк ишмердиктин негизги маселелерин чечүү или-
мий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордун иштердин учурдагы жана ке-
лечектеги пландарын иштеп чыгуу жана координациялоо, "Энергия" КИТБдагы
илимий иштеп чыгуулардын дењгээлине жана натыйжаларына баа берүү жана
талкуулоо максатында илимий-техникалык кењеш түзөт.
Кењештин курамына ОЭКтин жана "Энергия" КИТБнын алдыњкы адистердин
арасынан туруктуу мүчөлөр кирет. Кењештин мүчөлөрү 5 жылга шайланат жа-
на экинчи мөөнөткө да кайра шайлана алышат.
Илимий-техникалык кењештин мүчөлөрү директордун сунушу боюнча
"Энергия" КИТБнын илимий кызматкерлеринин жана алдыњкы адистердин чогу-
лушунда ачык же жашыруун добуш менен шайланат жана Кыргыз Республикасы-
нын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тарабынан бе-
китилет. Илимий-техникалык кењештин курамына "Энергия" КИТБда иштебеген
окумуштуулар жана адистер да кириши мүмкүн.
20. Кызматы боюнча "Энергия" КИТБнын илимий-техникалык кењешинин
төрагасынын директору болуп саналат.
21. Кењештин заседаниеси зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир
жолудан кем эмес өткөрүлөт. Заседание кењештин төрагасы же анын орун
басары тарабынан чогултулат жана кењештин мүчөлөрүнүн тењинен көбү ка-
тышканда укуктуу болуп саналат.
VI. "Энергия" КИТБнын эсеп-кысабы
жана отчеттуулугу
22. "Энергия" КИТБнын илимий-техникалык кењеши төмөнкүдөй негизги
ыйгарым укуктарга ээ:
- "Энергия" КИТБнын илимий-өндүрүштүк ишмердигин координациялоо;
- илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин планда-
рын жана башкаларды бекитүү;
- илимий-изилдөө ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, ар
кандай энергетикалык программаларды талкуулоо, илимий иштеп чыгуулардын
натыйжаларын талкуулоо жана бекитүү;
- "Энергия" КИТБнын ички мамилелерин жөнгө салуучу чечимдерди ка-
был алуу;
- кењештин заседаниелерин өткөрүү эрежесин жана регламентин кабыл
алуу;
- ссудаларды, займдарды, кредиттерди жана гарантияларды алууга ти-
ешелүү чечим кабыл алуу.
23. "Энергия" КИТБда төмөнкүдөй документтер жүргүзүлөт:
- кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен "Энергия" КИТБнын
уюштуруу документтери, ошондой эле ички мамилелерди жөнгө салуучу нор-
мативдик документтер;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мамлекеттик
органдар тарабынан текшерүүлөрдү, ошондой эле өздүк ревизияларды жүргү-
зүү үчүн керектүү бухгалтердик эсептин бардык документтери;
- илимий-техникалык кењештин заседаниелеринин протоколдору жана
финансы-чарбалык ишмердикти текшерүүнүн, келишимдик милдеттенмелерди
аткаруунун натыйжалары;
- "Энергия" КИТБнын атынан чыгууга ишеним катка ээ адамдардын тиз-
меси.
VII. "Энергия" КИТБнын ревизиялык комиссиясы
24. "Энергия" КИТБнын жалпы чогулушу кеминде үч адамдан турган ку-
рамда ревизиялык комиссия шайлайт.
25. Ревизиялык комиссия өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен
чечим кабыл алат. Илимий-техникалык кењештин өтүнүчү боюнча ревизиялык
комиссиянын мүчөлөрү анын заседаниелерине катышат.
26. Ревизиялык комиссия илимий-техникалык кењешке жылдык отчетко
чейин кеминде он күн мурда финансылык отчеттуулукту жана бухгалтердик
эсепти жүргүзүүнүн эрежелери менен тартибине ылайык жылдык текшерүүнүн
жыйынтыктары боюнча отчет берет.
Пландан тышкаркы ревизия илимий-техникалык кењештин чечими боюнча
ревизиялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
VIII. "Энергия" КИТБны жоюу
27. "Энергия" КИТБны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча…Постановление · 13.12.2007 · № 586 · Күчүн жоготкон