Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар иши боюнча департаменти жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 17-декабрындагы
№ 599 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана
балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин
Жаштар иши боюнча департаменти жөнүндө
ЖОБО
I. Негизги жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-
тиктин Жаштар иши боюнча департамент (мындан ары - Департамент) Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иш-
тери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары
Мамлекеттик агенттик) ведомстволук уюму болуп эсептелет.
1.2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук ак-
тыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, белгиленген
тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Мамлекеттик агенттик жө-
нүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий
тилдерде аталыштары бар мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, Казыначы-
лык системасында учурдагы, алыш-бериш жана атайын эсептери бар.
1.4. Департаменттин борбордук аппаратын кармоого чыгымдарды каржы-
лоо бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
1.5. Департамент жөнүндө жобону Мамлекеттик агенттиктин сунушу бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
1.6. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саны
Мамлекеттик агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилет.
II. Департаменттин милдеттери жана функциялары
2.1. Департаменттин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-апрелиндеги
N 173 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин мамлекеттик жаштар сая-
сатын өнүктүрүү концепциясы жана 2006-2008-жылдарга "Кыргызстан жашта-
ры" улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген
2006-2008-жылдарга "Кыргызстан жаштары" улуттук программасын ишке ашы-
руу;
- жаштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык, мада-
ний, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаш жаран-
дардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга
багытталган социалдык-экономикалык программаларды жана долбоорлорду иш-
теп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууну
маалыматтык-аналитикалык камсыздоо;
- Департаменттин компетенциясына киргизилген маселелер боюнча эл
аралык уюмдар менен кызматташтыкты координациялоо жана жаштар саясаты
чөйрөсүндө эл аралык байланыштарды ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык
тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жаштар саясаты жаатында илимий-изилдөө базаны жана
ишмердикти илимий методикалык камсыздоо системаларын кызыкдар уюмдар
менен бирдикте өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- жаштардын укуктарын коргоого жана кызыкчылыктарын илгерилетүүгө
тиешелүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык
өнүктүрүү пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- жаштар жана жаштардын демилгелерин ишке ашырууга карата ишкер-
дик, маалыматтык-билим берүүчүлүк жана башка инфраструктураларды өнүк-
түрүү үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү;
- жаштар уюмдарынын республикалык реестрин түзүү;
жаштарды патриоттук, рухий адеп-ахлактык, моралдык-эстетикалык жа-
на дене тарбияга, интеллектуалдык, чыгармачылык өнүктүрүүгө багытталган
максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жаштарды ишке орноштурууга жана жаш үй-бүлө институтун чыњдоого
көмөк көрсөтүү;
- жаштар программаларын жана долбоорлорун финансылык колдоо үчүн
инвестицияларды жана гранттарды тартуу, ошондой эле мамлекеттик жаштар
саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик саясатты түзүү.
2.2. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функ-
цияларды аткарат:
- республикада жаштар саясатын өнүктүрүүгө комплекстүү талдоону
жана божомолдоону жүргүзөт;
- кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ме-
нен бирдикте мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү инвестициялык сая-
сатты түзүү боюнча сунуштарды, программаларды жана долбоорлорду даяр-
дайт жана ишке ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин кароосуна белгиленген тартипте жаштардын
иштери боюнча аймактык органдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу
жөнүндө сунуштарды киргизет;
- шыктуу жана таланттуу жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана андан
ары колдоо үчүн ушундай жаштардын өкүлдөрүн издөөгө жана тандоого көмөк
көрсөтөт;
- жаштар чөйрөсүндөгү социалдык, саясий процесстерге, алардын рес-
публикадагы социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалдын абалына жана
өнүгүшүнө болгон таасирине жана мамлекеттик жаштар саясатынын негизги
багыттарын ишке ашырууга талдоо жүргүзөт жана болжолдойт;
- белгиленген тартипте чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын
жаштарынын жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасындагы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жаштарынын жана жаш-
тар уюмдарынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырууга көмөк
көрсөтөт;
- белгиленген тартипте эл аралык, региондук жана республикалык
жаштар иш-чараларын (көргөзмөлөрдү, жармањкелерди, фестивалдарды, кон-
курстарды, мелдештерди, олимпиадаларды ж.б.), ошондой эле ишкер жана
илимий симпозиумдарды, конференцияларды жана Кыргыз Республикасында
мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү менен байланышкан башка иш-чара-
ларды уюштурат жана өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функци-
яларды аткарат.
III. Департаменттин укуктары
3.1. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу маселелерине тиешелүү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, нормативдик укуктук актыларынын
долбоорлорун иштеп чыгууга жана иштеп чыгууга катышууга;
- мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндө иштөөчү кыз-
маткерлердин кадрлар резервин түзүүгө жана алардын квалификациясын жо-
горулатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен мамлекет-
тик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча республикалык жана региондор
аралык иш-чараларды каржылоого;
- гранттык негизде эл аралык жана башка уюмдардан финансылык жана
техникалык жардам алууга;
- жаштар проблемалары боюнча илимий-изилдөөлөрдү, ошондой эле мам-
лекеттик жаштар саясаты жаатында долбоорлорго жана программаларга экс-
пертиза жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды ишке ашырууга.
IV. Департаменттин ишин уюштуруу
4.1. Департаментти Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кызматка
дайындалуучу жана бошотулуучу директор башкарат.
Департаменттин директору:
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткары-
лышына жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлердин ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт;
- өз компетенциясынын алкагында буйруктарды чыгарат жана башка че-
чимдерди кабыл алат;
- Мамлекеттик агенттиктин директорунун тапшырмасы боюнча мамлекет-
тик мекемелерде, эл аралык уюмдарда жана башка мекемелерде мамлекеттик
жаштар саясаты чөйрөсүндө Мамлекеттик агенттиктин таламдарын көрсөтөт;
- Мамлекеттик агенттиктин директорунун тапшырмасы боюнча өз компе-
тенциясынын чегинде тиешелүү чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл
аралык укуктун башка субъекттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана
макулдашууларга, эл аралык келишимдерге кол коюуга укуктуу;
- Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан
бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Де-
партаменттин ишмердигин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым
укуктарды жүргүзөт.
V. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
5.1. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-декабрындагы № 599 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча…Постановление · 17.12.2007 · № 599
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон