# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 637"Беловодск айылындагы № 2 атайын кесиптик окуу жайын жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 637"Беловодск айылындагы № 2 атайын кесиптик окуу жайын жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 637
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12545/edition/327993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 637"Беловодск айылындагы № 2 атайын кесиптик окуу жайын жоюу жөнүндө" токтому (30.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58821

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 30-декабры № 637

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Беловодск айылындагы № 2 атайын

кесиптик окуу жайын жоюу жөнүндө

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз

Республикасынын "Балдар жөнүндө" кодексине ылайык, кесиптик-техникалык

билим берүү системасынын имараттарын жана курулмаларын натыйжалуу пай-

далануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Чүй облусунун Беловодск айылындагы № 2 атайын кесиптик окуу жа-

йы жоюлсун.

2. Беловодск айылындагы № 2 атайын кесиптик окуу жайынын имараты

жана курулмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-тех-

никалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында убакты-

луу калтырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык

билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик эки айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу боюнча бардык

иш-чараларды жүргүзсүн;

- "Кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесин бекитүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү кир-

гизүүнү караган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каро-

осуна белгиленген тартипте киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
