Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчиликтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 30-декабры № 635
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчиликтери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчиликтери жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министри аталган мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Аскер кызматчыларынын материалдык
жоопкерчиликтери жөнүндө
Бул Мыйзам аскер кызматчыларынын жана аскердик жыйындарга чакырыл-
ган жарандардын (мындан ары - аскер кызматчылар) алар аскердик кызмат-
тын милдеттерин аткарууда мамлекеттик менчикте турган жана аскердик бө-
лүктөргө бекитип берилген мүлккө келтирген зыяндары үчүн материалдык
жоопкерчиликтин шарттарын жана өлчөмүн, ошондой эле келтирилген зыяндын
ордун толтуруу тартибин аныктайт.
1-статья. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Бул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтө-
рүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик кызмат каралган
аскердик түзүмдөрдө жана органдарда чакыруу жана келишим боюнча аскер-
дик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына тийиштүү.
2-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдону-
лат:
аскердик бөлүктөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ас-
кер кызматчылар кызмат өтөгөн аскердик башкаруу органдары (мыйзамда ас-
кердик кызмат каралган министрликтер, ведомстволор, аскердик топтор),
кошуундары, аскердик бөлүктөр, кесиптик билим берүүнүн аскердик билим
берүү мекемелери;
командирлер (башчылар) - аскердик бөлүктөрдүн командирлери (башчы-
лары) жана алардын орун басарлары, аскердик бөлүктөрдүн түзүмдүк бөлүк-
чөлөрүнүн командирлери (башчылары) жана алардын орун басарлары;
аскердик бөлүктүн мүлкү (мындан ары - мүлк) - мамлекеттик менчикте
болуп, аскердик бөлүккө бекитип берилген куралдардын, аскердик техника-
нын баардык түрлөрү, ок-дарылар, күйүүчү-майлоочу материалдар, отун,
азык-түлүк, буюмдук мүлк жана аскердик мүлктөрдүн башка түрлөрү, жер
аянты, имараттар, курулмалар, акча жана баалуу кагаздар, башка матери-
алдык каражаттар;
анык зыян (мындан ары - зыян) - аскердик бөлүктүн мүлкүн жоготуу
же зыян келтирүү, жоголгон же зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу
үчүн аскердик бөлүктүн чыгашалары, ошондой эле аскердик бөлүк тарабынан
ысыраптаган акчалай төлөмдөр.
3-статья. Келтирген зыяны үчүн аскер кызматчыларын материалдык
жоопкерчиликке тартуунун шарттары
1. Аскер кызматчылары алардын күнөөсү боюнча келтирилген анык зыян
үчүн гана материалдык жоопкерчилик тартышат.
2. Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткаруудан
башка учурда келтирген зыяндары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык
мыйзамдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат.
3. Жыйынтыгында материалдык зыян келтирилүүчү иш-аракеттерди атка-
руу түздөн-түз көрсөтүлгөн командирдин (башчынын) буйругун аткаруунун
айынан, ошондой эле кызматтык тобокелчиликтин, адамга байланыштуу эмес
күчтөрдүн (жер титирөө, өрт, суу ташкыны, жер көчкү жана ушул сыяктуу
башка кубулуштардын) айынан болгон, укуктук ченемдүү иш-аракеттердин
натыйжасында келтирилген зыян үчүн аскер кызматчыларын материалдык
жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.
4. Аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилген зыян анык-
талгандан кийин үч жыл өткөнгө чейин материалдык жоопкерчиликке тарты-
лышы мүмкүн.
4-статья. Аскер кызматчыларынын чектелген материалдык
жоопкерчиликтери
1. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда байкабастыктан болгон
зыяны үчүн келишим боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошон-
дой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандар материалдык жоопкерчи-
ликти келтирген зыянынын өлчөмүндө, бирок бир айлык маянасынан көп эмес
тартат; милдеттүү тартипте чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан
аскер кызматчылары, - бул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка нор-
мативдик укуктук актылары менен материалдык жоопкерчиликтин башка өл-
чөмдөрү белгиленгенден башка учурларда эки маянасынын өлчөмүнөн көп
эмес тартат.
2. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан, контейнерлердин,
вагондордун жана автомобилдердин туруп калгандыгы, аткарылган иштердин
көлөмүн көбөйткөндүгү, салыктарды жака башка милдеттүү төлөмдөрдү тие-
шелүү бюджеттерге өз убагында төкпөгөндүгү үчүн аскердик бөлүктүн айып
төлөөсүнө байланышкан зыяндын болушуна күнөөлүү аскер кызматчылары кел-
тирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок бир айлык эки маянадан көп эмес мате-
риалдык жоопкерчилик тартышат.
3. Буйруктары, тескемелери мүлктү каттоонун, сактоонун, пайдала-
нуунун, чыгымдоонун, ташуунун белгиленген тартиби бузулушуна алып кел-
ген, же анын уурдалышын, жок кылынышын, бузулушун, жарабай калышын,
ашыкча акча төлөнүшүн болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же аскер-
дик бөлүккө келтирилген зыяндын күнөөлүү адамдар тарабынан төлөнүшү
үчүн чараларды көрбөгөн командирлер (башчылар) келтирилген зыяндын өл-
чөмүндө, бирок эки айлык маянасынан көп эмес материалдык жоопкерчилик
тартышат.
4. Аскер кызматчысын (жарандык персоналды) аскер кызматынан (иш-
тен) мыйзамсыз бошотууга, жарандык персоналды башка ишке мыйзамсыз ко-
торууга, аскер кызматчысын (жарандык персоналды) аскердик бөлүктүн шта-
тында (штаттык расписаниеде) каралбаган кызмат ордуна же факт жүзүндө
ээлеген кызмат ордунан жогору акы төлөнүүчү кызматка мыйзамсыз дайында-
гандык үчүн күнөөлүү аскердик бөлүктүн командирлери (башчылары) аскер
кызматчысын (жарандык персоналды) мыйзамсыз бошотуунун, жарандык персо-
налды башка ишке мыйзамсыз которуунун, аскер кызматчысын (жарандык пер-
соналды) кызмат ордуна мыйзамсыз дайындоонун натыйжасында ашыкча акча
төлөнгөнү үчүн келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок үч айлык маянасынан
көп эмес материалдык жоопкерчилик тартышат.
5-статья. Аскер кызматчыларынын толук материалдык жоопкерчилиги
Аскер кызматчылары төмөнкүдөй учурларда зыяндын толук өлчөмүндө
материалдык жоопкерчилик тартышат:
- сактоо, ташуу, берүү, пайдалануу жана башка максаттар үчүн мүлк
отчеттуулугуна берилген аскер кызматчысы тарабынан зыян келтирилгенде;
- аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык мыйзамы
менен каралган кылмыштын курамын камтыган аракеттери (аракетсиздиги)
менен зыян келтирилгенде, кылмыш иш козгоодо;
- мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чы-
гымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын кыл-
мыш-жазык мыйзамы менен каралган кылмыштын курамынын белгилери бар
экендигине карабастан атайылап жасаган аракеттердин (аракетсиздиктин)
натыйжасында зыян келтирилгенде;
- аскер кызматчыларынын атайын жасаган аракеттеринин натыйжасында
жабыр тарткан аскер кызматчылардын аскердик-медициналык мекемелерде жа-
на саламаттык сактоо мекемелеринде дарылануусуна чыгымдар болгондо;
- өзүлөрүн өз эркинче наркотиктик, токсикалык же алкоголдук мас
абалга келтирген аскер кызматчылары жоопкерчилик тартышат.
6-статья. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо
1. Келтирилген зыяндын өлчөмү аскердик бөлүктүн мүлкүнүн эсептик
маалыматтарынын негизинде жана зыян келтирүү болгон күнгө карата ошол
аймакта (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан аскердик
бөлүктөр үчүн, - турган өлкөдө) болгон базар баасына жараша факт жүзүн-
дөгү жоготуулар боюнча аныкталат, ал эми аскердик бөлүктөргө борбордош-
турулуп алынып келүүчү курал-жарактарга, аскердик техникага, ок-дары-
ларга, башка мүлктөргө аларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар та-
рабынан аныкталат.
2. Келтирилген зыяндын өлчөмү зыян келтирүү болгон күнгө карата
белгиленген нормалар боюнча мүлктүн эскиришин эске алуу менен аныкта-
лат, бирок ушул мүлктүн ломунун (утилинин) баасынан төмөн эмес.
3. Аскердик бөлүктүн штаты (штаттык расписаниеси) менен каралбаган
кызмат ордуна аскер кызматчысын (жарандык персоналды) мыйзамсыз дайын-
даган учурда зыяндын өлчөмү аскер кызматчысына (жарандык персоналга)
төлөнүп берилген акчалай үлүштүн (төлөнгөн эмгек акы) өлчөмү менен
аныкталат, ал эми факт жүзүндө аскер кызматчысы (жарандык персонал) ээ-
леген кызмат ордунан ашык төлөнгөн кызмат ордуна мыйзамсыз дайындалган
учурда төлөнүп берилген акчалай үлүштүн (төлөнүп берилген айлык акынын)
жана факт жүзүндө ээлеген кызмат орду боюнча акчалай үлүштүн (айлык
акынын) ортосундагы айырма менен аныкталат.
4. Бул Мыйзамдын 5-статьясынын бешинчи абзацында каралган учурлар-
да келтирилген зыяндын өлчөмү башка аскер кызматчыларынын атайылап жа-
саган аракеттеринин натыйжасында жабыр тарткан аскер кызматчыларынын
аскердик-медициналык мекемелерде жана саламаттык сактоо мекемелеринде
дарылануусуна кеткен факт жүзүндөгү чыгымдар менен аныкталат.
5. Бир нече аскер кызматчынын күнөөсү боюнча келтирилген орду тол-
турулуучу зыяндын өлчөмү күнөөнүн даражасын жана материалдык жоопкерчи-
ликтин түрүн эске алуу менен алардын ар бири үчүн аныкталат.
6. Аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартууда аскер
кызматчынын бир айлык маянасынын өлчөмү аскердик бөлүктүн командиринин
(башчысынын) буйругу чыккан күнгө же зыяндын ордун толтуруу жөнүндө
соттун чечими кабыл алынган күнгө карата аныкталат.
7-статья. Зыян келтирүү болгон учурда кызматтык иликтөө жүргүзүү
1. Аскердик бөлүктүн командири (башчысы) зыян келтирүү болгон
учурда зыяндын себептерин, анын өлчөмүн жана күнөөлүү адамдарды аныктоо
үчүн кызматтык иликтөө дайындоого милдеттүү. Кызматтык иликтөө дайындоо
менен бирге товардык-материалдык баалуулуктарды негизги каттоо китепте-
ринен чыгаруу жана жетишпестиктерди (уурдоолорду жана жоготууларды)
каттоо китебине киргизүү жөнүндө буйрук чыгарылат. Кызматтык иликтөө
зыян келтирүү болгон күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аякташы керек.
Зарыл учурларда бул мөөнөт баш ийүү тартибинде жогору турган ко-
мандир (башчы) тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок бир айдан көп эмес.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын
54-статьясында көрсөтүлгөн учурларда командир (башчы) зыян келтирүүгө
күнөөлүү болгон аскер кызматчысын кызмат ордунан четтетүүгө укуктуу.
2. Эгер зыяндын себептери, анын өлчөмү жана күнөөлүү адамдар сот
тарабынан аныкталса же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн натыйжасын-
да аныкталса кызматтык иликтөө жүргүзбөсө болот.
8-статья. Аскер кызматчыларынын зыяндын ордун толтуруусу
1. Бир айлык маянадан ашпаган өлчөмдөгү зыяндын ордун толтуруу зы-
ян келтирген аскер кызматчысынын акчалай маянасынан кармоо жолу аркылуу
аскердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) буйругу боюнча жүргүзүлөт.
Аскердик бөлүктүн командири (башчысы) тарабынан келтирилген зыян-
дын ордун толтуруу жөнүндө буйрук баш ийүү тартибинде жогору турган ас-
кердик бөлүктүн командири (башчысы) тарабынан чыгарылат.
Бул статьянын 6-пунктундагы көрсөтүлгөндөн башка учурларда аскер
кызматчысынын бир айлык маянасынан ашкан өлчөмдөгү зыяндын ордун толту-
руу жөнүндө маселе аскердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) доосу
боюнча сот тарабынан чечилет. Аскердик бөлүктүн командири (башчысы) та-
рабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо баш ийүү тарти-
бинде жогору турган командири (башчысы) тарабынан берилет.
2. Аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (башчысынын) зыяндын
ордун толтуруу жөнүндө буйругу кызматтык иликтөө аяктаган же соттун че-
чими же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн материалдары келип түшкөн
күндөн тартып он күндүк мөөнөттө чыгарылып, аскер кызматчысына кол кой-
дуруп билдирилиши керек.
Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө буйрук он кундук мөөнөттө чыгарыл-
баган учурда аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартуу туура-
луу маселе аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (башчысынын) доосу
боюнча сот тарабынан чечилет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары аскер кызматын өтөп
жаткан аскер кызматчылары келтирилген зыяндын ордун жүргөн өлкөнүн ва-
лютасында толтурат. Келтирилген зыяндын ордун жүргөн өлкөнүн валютасын-
да толтуруу мүмкүн болбогон учурда (анын ичинде аскер кызматчысы Кыргыз
Республикасынын аймагына кетип калса) зыяндын орду зыян келтирүү болгон
күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген валюта-
нын расмий курсу эсебинде сом менен толтурулат.
4. Аскердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) зыяндын ордун тол-
туруу жөнүндө буйругу аскер кызматчысы тарабынан жогору турган коман-
дирге (башчыга) жана (же) сотко даттанылышы мүмкүн. Зыяндын ордун тол-
туруу жөнүндө буйруктун үстүнөн даттануу аскер кызматчысынын акчалай
маянасынан акча каражаттарын кармоону токтотпойт. Зыяндын ордун толтур"
жөнүндө буйрук жокко чыгарылган учурда кармалган акча каражат аскер
кызматчысына кайра берилет.
5. Зыяндын орду аскер кызматчысы зыян келтирген аракеттери (ара-
кетсиздиги) үчүн тартиптик, администрациялык же кылмыш-жазык жоопкерчи-
лигине тартылганына карабастан толтурулат.
6. Аскер кызматчысы келтирилген зыяндын ордун акчалай формада же
натуралдык түрдө өз эркинче толтура алат.
7. Аскер кызматчысынын акчалай маянасынан соттун чечими боюнча
кармоо сот тарабынан берилген аткаруу барагынын негизинде жүргүзүлөт.
8. Келтирилген зыяндын өлчөмү менен аскер кызматчысынын акчалай
маянасынан кармоонун соттун чечиминде аныкталган өлчөмүнүн ортосундагы
айырма аскердик бөлүктүн командирине (башчысына) берилген укуктардын
чегинде анын чечими менен эсептен чыгарылат.
9. Келтирилген материалдык зыяндын орду толугу менен толтурулган
учурда прокуратура, тергөө органдары же сот тарабынан аскер кызматчыны
(аскердик жыйындарга чакырылган жаранды) жазык жоопкерчилигинен бошотуу
жөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн.
9-статья. Аскер кызматчысы аскер кызматынан бошонгон же
жањы кызмат ордуна которулган учурда зыяндын
ордун толтуруу
1. Материалдык жоопкерчиликке тартылган аскер кызматчысы (аскердик
жыйынга чакырылган жаран) келтирилген зыянды аскер кызматынан бошонуу
(жыйындын аяктоо) күнүнө чейин толтурбаса, анын калган карызы Кыргыз
Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген аткаруу өндүрүшүнүн эре-
желери боюнча төлөнүп алынат.
2. Зыян келтирген аскер кызматчысы (аскердик жыйынга чакырылган
жаран) аскер кызматынан кеткен (аскердик жыйынды аяктагандыктан кеткен)
жана материалдык жоопкерчиликке тартылбаган учурда андан зыянды төлөтүп
алуу аскердик бөлүктүн командири (башчысы) тарабынан берилген доо боюн-
ча ушул Мыйзам менен белгиленген өлчөмдө сот тарабынан жүргүзүлөт. Мын-
да бир айлык акчалай маянасынын өлчөмү аскер кызматчысы (аскердик жый-
ынга чакырылган жаран) аскердик кызматтан бошонгон (жыйынды аяктаган)
күнгө карата аныкталат.
3. Жањы кызмат ордуна которулган учурда материалдык жоопкерчиликке
тартылган жана келтирилген зыяндын ордун толтурбаган аскер кызматчысы
зыяндын ордун белгиленген эсептөө документтериндеги жазуунун негизинде
жаны кызмат ордунан толтурат.
Эгерде чечим жана зыян келтирген аскер кызматчысын материалдык
жоопкерчиликке тартуу ал жањы кызмат ордуна которулганга чейин ишке
ашырылбаса аскердик бөлүктүн командири (башчысы) кызматтык иликтөө, ре-
визия, текшерүү аяктаган күндөн тартып же тергөө материалдары же соттун
чечими келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аскер кызматчысын
материалдык жоопкерчиликке тартуу үчүн анын жањы кызмат ордуна зарыл
болгон материалдарды жиберүүгө милдеттүү.
Бул учурда зыяндын ордун толтуруу ушул Мыйзамдын 8-статьясында ка-
ралган тартипте аскер кызматчысынын жањы кызмат ордунда жүргүзүлөт. Ас-
кердик бөлүктүн командиринин (башчысынын) зыяндын ордун толтуруу жөнүн-
дө буйругу аскер кызматчысынын мурдагы кызмат ордунан ушул пунктта көр-
сөтүлгөн материалдар келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө
чыгарылат.
10-статья. Аскер кызматчылары тарабынан үчүнчү жактарга
келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аскердик бөлүк тарабынан
орду толтурулган, аскер кызматчылары тарабынан үчүнчү жактарга келти-
рилген зыяндын ордун алар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде
каралган тартипте жана өлчөмдө аскердик бөлүккө толтурат.
11-статья. Орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын өлчөмүн
азайтуунун шарттары
Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аскер кызматчысынан төлө-
түп алынууга тийиш болгон акча каражатынын өлчөмү ушул Мыйзамдын
5-статьясынын төртүнчү абзацында каралгандан башка учурларда конкреттүү
кырдаалдарды, күнөөнүн даражасын жана аскер кызматчысынын материалдык
абалын эске алуу менен сот тарабынан төмөндөтүлүшү мүмкүн.
12-статья. Акчадан кармоонун тартиби
1. Аскер кызматчысы тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу
үчүн ар айлык акчалай кармоо айлык акчалай маянанын 20 пайыз өлчөмүнө,
ал эми ушул Мыйзамдын 5-статьясынын төртүнчү абзацында каралган учур-
ларда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн - аскер кызматчысынын ай-
лык акчалай маянасынын 50 пайызынан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.
2. Эгерде аскер кызматчысынын акчалай маянасынан Кыргыз Республи-
касынын мыйзамы менен каралган башка акчалай кармоолор жүргүзүлсө, анда
баардык акчалай кармоолордун жалпы өлчөмү аскер кызматчысынын айлык ак-
чалай маянасынын 50 пайызынан ашпашы керек, мында көрсөтүлгөн кармоо-
лордун кезеги Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленет.
Товардык-материалдык баалуулуктарды уурдоолордун, жоготуунун, же-
тишпегендиктердин ордун толтуруудан келип түшкөн суммалар республикалык
бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
13-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1984-жылдын 13-январындагы N
10661-X "Мамлекетке келтирилген зыян үчүн аскер кызматчыларынын матери-
алдык жоопкерчилиги жөнүндө" (СССРдин Жогорку Советинин Ведомосттору,
1984, N 3, 61-ст.) Указы күчүн жоготту деп табылсын.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-мартындагы № 249-IV ""Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтомуПостановление · 07.03.2008 · № 249-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндөЗакон · 19.04.2008 · № 60
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон