# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында имарат сатып алуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында имарат сатып алуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 632
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12540/edition/327988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында имарат сатып алуу жөнүндө"токтому (30.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58816

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 30-декабры № 632

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы

Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында

имарат сатып алуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-

публикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоо-

чу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 Жарлыгына ылайык ошондой эле Кыргыз

Республикасынын Австрия Республикасы, Вена шаарында орун алган эл ара-

лык уюмдар менен эки тараптуу кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана

терењдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Респуб-

ликасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена ша-

арында имарат сатып алууга уруксат берилсин.

2. Имарат сатып алууга жана тариздөөгө байланышкан чыгымдар Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын чет өлкөлөрдөгү меке-

мелери консулдук кызмат көрсөткөндүгү үчүн акы алуудан келип түшкөн ка-

ражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети бүтүм аяктагандан кийин сатып алынган кыймылсыз

мүлктү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мамлекеттик менчиги катары

каттасын.

4. Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана

Ыйгарым укуктуу элчисине имарат сатып алуу-сатуу келишимине Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
