# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-декабрындагы № 626 " 2007-жылдын декабрындагы жана 2008-жылдын январындагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-декабрындагы № 626 " 2007-жылдын декабрындагы жана 2008-жылдын январындагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 626
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12535/edition/1142124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-декабрындагы № 626 " 2007-жылдын декабрындагы жана 2008-жылдын январындагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтому (25.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58810

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 25-декабры № 626

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2007-жылдын декабрындагы жана 2008-жылдын

январындагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө

Жумуш убактысын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Респуб-

ликасынын Эмгек кодексинин 94 жана 113-статьяларына ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Дем алыш күндөрү төмөнкүдөй которулсун:

- иш жуманын беш күндүк графиги боюнча иштөөчү ишканалар, уюмдар

жана мекемелер үчүн:

2007-жылдын 29 жана 30-декабры - тиешелүү түрдө 2008-жылдын 2 жана

3-январына;

2008-жылдын 12-январы - 2008-жылдын 4-январына;

- иш жуманын алты күндүк графиги боюнча иштөөчү ишканалар, уюмдар

жана мекемелер үчүн:

2007-жылдын 30-декабры - 2008-жылдын 2-январына;

2008-жылдын 13-январы - 2008-жылдын 3-январына.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри И.Чудинов
