# кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 620 "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 620 "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 620
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12529/edition/327976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 620 "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58802

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-декабры № 620

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз

кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туура-

луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-

раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-

далсын.

Премьер-министрдин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз

кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

киргизүү тууралуу

1-статья.

Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз

кылуу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 1993-жыл, № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-

тоо киргизилсин:

1. 16-статьянын биринчи бөлүгүндө "23-статьясында" деген сөздөр

"23-статьянын "а)" пунктчасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"23-статья. Пенсиялардын эњ төмөнкү өлчөмү

Майыптыгы боюнча пенсиялардын эњ төмөнкү өлчөмдөрү төмөнкүдөй бел-

гиленет:

а) мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттардын жана матростордун ичинен

согуштун I топтогу майыптарына - эсептик көрсөткүчтүн 175 процент, II

топтогуларга - 150 процент, III топтогуларга -100 процент өлчөмүндө;";

б) мөөнөттүү кызматтын старшиналарынын, сержанттарынын, ефрейтор-

лорунун жана улук матросторунун ичинен майыптарга - ушул статья менен

солдаттардын жана мөөнөттүү кызматтагы матростордун ичинен майыптарга

каралган пенсиялардын тийиштүү эњ аз өлчөмүнүн 110 проценти өлчөмдө,

прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн ашык кызматтагы аскер кыз-

матчылардын, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызмат-

тын, Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттигинин, финан-

сылык полициянын, атайын байланыш кызматынын жетекчи жана катардагы ку-

рамындагы адамдардын ичинен майыптарга - 120 проценти, ал эми ички иш-

тер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, жазык-аткаруу сис-

темасынын органдарынын жана мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Бањ-

гизатка контролдук агенттигинин, финансылык полициянын, атайын байланыш

кызматынын офицердик курамынын жана жетекчи курамынын (кенже курамдан

бөлөк) ичиндеги майып адамдарга - 130 проценти өлчөмдө;

в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен ас-

кердик кызмат өтөп жүргөндө же Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин

жоюуга байланыштуу же жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объ-

екттерде жумуштарды аткарууда же согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан

өлкөлөрдө интернационалдык милдетти аткарууда майыптык алган (I, II,

III топтор) башка майыптарга - 300 сом өлчөмдө жана андан кийин мурунку

жылдагы орточо эмгек акынын (республикада иш жүзүндө болгон) 15 процен-

тинен кем эмес дењгээлде кармалат.".

3. 39-статья төмөнкүдөй мазмундагы "в)" пунктчасы менен толуктал-

сын:

"в) Аскер кызматын өтөп жүргөндө же Чернобыль АЭСиндеги жана башка

жарандык же аскердик арналыштагы атомдук объектилерде болгон кырсыктар-

дын кесепеттерин жоюуга байланышкан иштерди аткарууда жүргөн мезгилде

же согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан башка өлкөлөрдө интернационал-

дык милдет аткарууда каза болгон мөөнөттүү аскердик кызматтагы солдат-

тардын жана матростордун үй-бүлөлөрү үчүн -ушул Мыйзамдын 23- статьясы-

нын "в)" пунктчасына ылайык чектелген, багуучунун мүмкүн болгон пенсия-

сынын 50 проценти."

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
