# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 618 "Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 618 "Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 618
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58800>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12527/edition/327974/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58800.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 618 "Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (24.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58800

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-декабры № 618

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү

окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык

аялуу категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз

кылуу боюнча чаралар жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-

рлигинин баштапкы кесиптик билим берүү тутумун реформалоо жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 700 токто-

муна ылайык, жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жай-

ларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары үчүн шарт-

тарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын

бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары - реабилитациялык

топтун окуучулары үчүн чыгуу пособиенин өлчөмү 3000 сом суммасында бел-

гиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгуу пособиенин өл-

чөмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу чыгашаларды 2008-жылга республикалык

бюджетте карасын.

3. "Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларында жетим балдар

үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу чаралары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-октябрындагы № 566 ток-

тому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
