# 8-статья. Журналисттин кесиптик ишинин кепилдиктери

- Документ: [Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/588)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын1997-жылдын 5-декабрындагы № 88 "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 05.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.1997
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-554/edition/508459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/588/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.1997 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө, 8-статья (05.12.1997 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-8

---

Журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот. Кесиптик милдеттерин аткарууда журналист инсанга кол тийбестиктин кепилдиктеринен пайдаланат. Сын материалдарды жарыялагандык үчүн журналистти куугунтуктоого жол берилбейт. Мамлекет журналистке маалыматты эркин алууга жана жайылтууга кепилдик берет, ал кесиптик ишин жүзөгө ашырууда аны коргоону камсыз кылат. Журналисттин кесиптик ишине кийлигишүүгө, андан кесиптик милдеттерин аткарууда алынган ар кандай маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-9)
