# 13-статья. Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/588)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын1997-жылдын 5-декабрындагы № 88 "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 05.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.1997
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-554/edition/508459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/588/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.1997 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө, 13-статья (05.12.1997 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-13

---

Мамлекеттик органдардын, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары:

- цензураны жүзөгө ашыргандык;

- журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылгандык;

- аккредиттөөдөн негизсиз баш тарткандык же аккредиттөөнү туура эмес токтоткондук;

- журналистке кысым көрсөткөндүк, анын кесиптик ишине кийлигишкендик;

- журналисттин материалдарын жана зарыл болгон техникалык каражаттарын мыйзамсыз алып койгондук;

- журналистке ынанымсыз жана калыс эмес маалыматты бергендик үчүн жоопкерчилик тартат.

Журналисттин ушул Мыйзам тарабынан белгиленген укуктарын бузуу, анын ар-намысын жана кадыр-баркын мазактоо, ал тарабынан кесиптик ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу журналисттин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч келтирүү, күч колдонуу же кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-14)
