# 10-статья. Журналистти аккредитациялоо

- Документ: [Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/588)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын1997-жылдын 5-декабрындагы № 88 "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 05.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.1997
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-554/edition/508459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/588/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.1997 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө, 10-статья (05.12.1997 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-10

---

Журналист басма сөз басылмасынын, телерадиокомпаниянын (радиостанциянын), маалымат агентстволорунун, ошондой эле башка массалык маалымат каражаттарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органда же коомдук бирикмеде аккредиттелүүгө укуктуу. Журналисттер аккредиттелген мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер аларга өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө алдын ала кабарлоого жана аларга зарыл болгон документтер менен материалдарды берүүгө милдеттүү. Ал тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда же ал органдын же бирикменин чечиминин негизинде мамлекеттик орган же коомдук бирикме журналистти аккредиттөөнү токтотууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын журналисти чет өлкөлүк мамлекетте аккредиттелиши мүмкүн. Чет өлкөлүк журналист Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/588/st-11)
