# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 611 " Эс алуу зонасын жана туристтик комплекс куруу үчүн "Казак Тукуму" коомдук бирикмесине жер берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 611 " Эс алуу зонасын жана туристтик комплекс куруу үчүн "Казак Тукуму" коомдук бирикмесине жер берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 611
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12520/edition/327965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 611 " Эс алуу зонасын жана туристтик комплекс куруу үчүн "Казак Тукуму" коомдук бирикмесине жер берүү жөнүндө" токтому (21.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58793

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-декабры № 611

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Эс алуу зонасын жана туристтик комплекс

куруу үчүн "Казак Тукуму" коомдук

бирикмесине жер берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү жана Кыргыз

Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылынын

жаштарын колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин

233-б, 384-статьяларына, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер ко-

дексинин 4, 8, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Ысыккөл об-

лусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кењешинин аймагында жайгаш-

кан айыл жанындагы 8,0 га жайытын "Казак Тукуму" коомдук бирикмесине эс

алуу зонасын жана туристтик комплекс куруу үчүн ижара келишими шартында

49 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу ка-

был алынсын.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-

гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана

башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-

юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-

нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана

алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "Казак Ту-

куму" коомдук бирикмесинин төлөшүн;

"Казак Тукуму" коомдук бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын

Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айыл өкмөтү менен жер

участогуна ижара келишимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

түзүүсүн;

- "Казак Тукуму" коомдук бирикмеси тарабынан эс алуу зонасынын жа-

на туристтик комплексинин курулушун баштоо жана аяктоо мөөнөттөрүн

аныктасын;

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син.

4. "Казак Тукуму" коомдук бирикмеси берилүүчү жер участогун уюшту-

руу боюнча беш жылга чейин жарандык-укуктук келишим түзүүгө укугу жок

экендиги белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
