# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 610 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 610 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 610
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12519/edition/327964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 610 "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (21.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58792

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-декабры № 610

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда

2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган

"Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору

жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар)

ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык жана

мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республика-

сынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нор-

мативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын

негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда

2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Региондук жол

коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө гранттык макулдашуу-

ну (Атайын операциялар) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

Карањыз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 11-январында-

гы № 58-IV "Бишкек шаарында 2007-жылдын 31-октябрында кол коюлган Кыр-

гыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "БАРЭКтин

региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча" долбоору боюнча Гранттык ма-

кулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралу" токтому

Карањыз:

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы № 2 "Бишкек шаа-

рында 2007-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктү-

рүү банкынын ортосунда кол коюлган "Региондук жол коридорун жакшыртуу

боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө Гранттык макулдашууну (Атайын операция-

лар) ратификациялоо тууралу" Мыйзамы

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республика-

сынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалышсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин

милдетин аткарып жаткан биринчи

вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда

2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган

"Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору

жөнүндө гранттык макулдашууну (Атайын операциялар)

ратификациялоо тууралуу

1-статья.

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда

2007-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Региондук жол

коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору жөнүндө гранттык макулдашуу

(Атайын операциялар) ратификациялансын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азиялык өнүктүрүү банкына Кыргыз

Республикасы жогоруда аталган Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн

зарыл мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген

тартипте билдирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
